• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абдыгулов: Жыл башынан бери төлөм карталарынын саны 21,7% көбөйдү

Экономика 0

Бишкек, 08.10.19. /Кабар/. 2019-жылдын 1-сентябрына карата банктык төлөм карталардын саны 2,8 миллион даананы түзүп, жыл аралыгында 21,7% көбөйгөн. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтуусунда, президенттин 2019-жылды «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыялоонун алкагында төлөм карталардын санын көбөйтүү боюнча иштер уланууда.

Толкунбек Абдыгулов билдиргендей, «Элкарт» улуттук төлөм карталарынын саны 1,4 миллионду түзөт. 2018- жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 27,3 пайызга көбөйгөн.

«Банктык карталар, анын ичинде «Элкарт» улуттук төлөм карталары өлкө ичинде 1 628 банкоматта жана 10 807 POS-терминалда кабыл алынат. «Элкарт» улуттук төлөм карттарынын ээлери үчүн «Элкарт Мобайл» тиркемеси иштелип чыккан. Бул тиркеме менен бир нече секунддун ичинде бардык операцияларды мобилдик телефон аркылуу жүргүзүүгө болот. Бүгүнкү күндө «Элкарт Мобайл» тиркемесинен 53 112 жаран активдүү колдонуп, алар ишке ашырган транзакциялардын саны 806 354 жеткен», - деди Абдыгулов.

Пикир

Оставить комментарий