• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгын уюштуруу жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин жыйыны өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 20.08.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгын уюштуруу жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө уюштуруу комитетин жетектеген вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын маалыматы боюнча, Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгын уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планы түзүлгөн. Пландын алкагында коомдук ишмердин өлкө тарыхындагы ролу тууралуу илимий-практикалык конференция өткөрүү, Бишкек шаарында мемориалдык такта орнотуу жана А.Орозбеков атындагы музейде оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү, китеп басып чыгаруу, өлкөнүн мектептеринде ушул темага арналган ачык сабактарды өткөрүү жана башка бир катар чаралар белгиленген.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, тийиштүү мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери бардык уюштуруу маселелерин биргеликте чечүүгө жана аларды натыйжалуу аткарууга тийиш. Мааракенин алкагындагы бардык иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү зарыл.

«Абдыкадыр Орозбеков – көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер. Ал кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнүн башатында турган. Ошондуктан мааракелик иш-чараларды өткөрүүдө кыргызстандыктардын жаш мууну өз өмүрүн мамлекетибиздин калыптанышына жана өнүгүүсүнө арнаган эл уулдарын унуткарбай жүрүшү үчүн илимий, изилдөөчү, агартуучу бөлүгүнө басым жасоо керек», - деди ал.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча өкмөт башчы Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгын уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планын өз убагында аткарууну тапшырды.

Маалымат үчүн: Абдыкадыр Орозбеков – көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, ал кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүшүнүн башатында турган. 1925-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун Жумушчулар, дыйкандар жана солдаттар советинин Облустук аткаруу комитетинин төрагасы болгон.

Абдыкадыр Орозбеков 1927-жылдан 1937-жылга чейин Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасынын, Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы жана биринчи мамлекет башчы болгон.

Пикир

Оставить комментарий