• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абдылдаев Германиянын Бундестагындагы Борбордук Азия тобунун төрагасы менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 02.11.20. /Кабар/. Берлин шаарында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаев Германиянын Бундестагындагы Борбордук Азия тобунун төрагасы, депутат Манфред Грунд жана аталган топтун мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Элчи Абдылдаев шайлоодон кийинки мезгилдеги окуялардын өнүгүшү, Кыргызстандын жаңы өкмөтүнүн туруктуу иштеши, ошондой эле президенттик жана парламенттик шайлоолорду өткөрүү пландары, өлкөбүздөгү конституциялык реформа жөнүндө маалымат берди.

Бундестагдын депутаттары Кыргызстандагы демократиялык процесстердин жана парламентаризмдин чыңдалышына германиялык тарап кызыкдар экендигин баса белгилешти.

Төрага Грунд өзү башында турган Борбордук Азия тобунун атынан кыргыз-герман парламенттер аралык кызматташтыгын колдоого даяр экендигин жана эпидемиологиялык кырдаал турукташкандан кийин Кыргызстанга баруу ниетин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий