• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Абдылдаев: Кыргызстандын аскерлерин Сирияга жөнөтүү маселеси Атамбаевдин Россияга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында каралган жок

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23-июнь /Кабар/. Кыргызстандын аскерлерин Сирияга жөнөтүү маселеси президент Алмазбек Атамбаевдин Россияга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында талкууланган жок. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кыргызстандык журналисттерге эл аралык ЖМКлардын билдирүүлөрүн түшүндүрүүдө билдирди.

“Аймактык коопсуздукту камсыздоо маселелерине байланыштуу, жалпысынан алар ар кандай деңгээлде эл аралык жана аймактык биримдиктердин алкагында талкууланат”, - деди ал.

Өз кезегинде, министр катары, бул маселе ЖККУ алкагында россиялык тараптын демилгеси менен талкуулангандыгын белгиледи. “Консультациялар өткөрүлгөн, бирок, бул маселе андан ары каралган эмес”, - деп билдирди Э.Абдылдаев.

Булагы: АКИpress

Пикир

Оставить комментарий