• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абдылдаев менен Чавушоглу кыргыз-түрк кызматташтык маселелерин талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 27.03.18. /Кабар/. КР Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Ташкентте өтүп жаткан Афганистан боюнча эл аралык конференциянын алкагында Түркиянын тышкы саясат ведомствосунун башчысы Мевлют Чавушоглу менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМнин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун алкагында кыргыз-түрк кызматташтыгынын маанилүү маселелери тууралуу сөз болду. Андан тышкары Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кызматташтык мселелерин жана аны өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий