• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абдылдаев Нью-Йоркто Лавров менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 19.01.18 /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Нью-Йоркто Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров менен жолугушту.

Кыргызстандын тышкы саясат бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу 18-январда БУУнун Коопсуздук кеңеши иш-чарасынын алкагында болгон.

Тараптар кыргыз-россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Абдылдаев менен Лавров ошондой эле кыргыз-россия Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги 20чы кеңешин өткөрүүнү талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий