• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Абдылдаев Берлинде советтик жоокерлердин мемориалына гүлчамбар коюу аземине катышты

Коом 0

Бишкек, 24.02.21. /Кабар/. Кечээ, 23-февралда Берлинде Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаев Тиргартенде советтик жоокерлерге арналган мемориалга КМШга мүчө-мамлекеттердин дипломатиялык миссияларынын башчыларынын гүлчамбар коюу аземине катышты. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага ошондой эле коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана Германияда жашаган КМШ өлкөлөрүнөн келген адамдар катышты.

Пикир

Оставить комментарий