• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абдылдажан Акматалиевдин 65 жылдыгына карата чыгармачылык кече өткөрүлөт

Маданият 0

Бишкек, 14.01.21. /Кабар/. Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада филология илимдеринин доктору, академик, Илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын ээси Абдылдажан Акматалиевдин 65 жылдык мааракесине арналган “Адамдын эмгектен улуу тиреги жок” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана чыгармачылык кечеси өткөрүлөт.

Улуттук китепкананын маалыматтык кызматынан кабарлашкандай, иш-чара эртең, 15-январда саат 14:00дө башталат. Китеп-сүрөт көргөзмөгө А. Акматалиевдин китептери, эмгектери, ал жөнүндө жазылган макалалар, газета-журналдык материалдар жана фотодокументтер коюлат.

Илимдеги жетишкендиктери үчүн “Ч. Айтматовдун чыгармачылык жолу”, “Айтматовго таасирленүү”, “Ч. Айтматовдун жолу боордош элдер адабияты”, “Айтматов и взаимосвязи литератур”, “Көркөм чыгарма жана тарыхый инсандар”, “Айтматов: Аалам, адам жана космос”, “Көркөм чыгарма жана тарыхый инсандар” сыяктуу ондогон эмгектерди жараткан.

2000-жылы Илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыкка (2004-жылы экинчи жолу да алган) татыктуу болуп, Илимдер академиясынын корреспондент-мүчөлүгүнө шайланган.

Анын көрүнүктүү эмгектери:

“Тандалмалардын” 3 тому, “Кыргыз адабияты”, “Тарых жана мезгил”, “Азыркы кыргыз адабияты”, “Эңсегеним элиме кызмат кылуу”, “Мээнеттин ак жарыгы” китептери англис, немец, француз, түрк, япон тилдеринде жарык көргөн. Ошондой эле “Залкар акындар” (15 том), “Кыргыз адабиятынын тарыхы” (7 том), “Балдар адабиятынын антологиясы” (2 том), “Улуу инсандар” ж.б серияларын ишке ашырат.

А. Акматалиевдин эмгектеринин изилдөөсүнүн эң башкы темасы – Чыңгыз Айтматов жана “Манас” эпосу. Түрк дүйнөсүнүн адабият айдыңында А. Акматалиевдин демилгеси менен төрт китеп басылып чыкты. “Манас”, “Сагымбай” энциклопедиясы, “Манас” эпосунун түшүндүрмө сөздүгү, “Токтогул Сатылгановдун тандалган чыгармалар жыйнагы”, “Чыңгыз Айтматов жана азыркы түрк дүйнөсү”.

Пикир

Оставить комментарий