• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абдымен: ЕАЭБге бирдиктүү маалыматтык борбор керек

Коом 0

Бишкек, 06.10.21. /Кабар/. Өткөн жыл көптөгөн факторлордун көлөкөсүндө калды. Коронавирус пандемиясы өзү менен көптөгөн кесепеттерди алып келип, көптөгөн терс процесстерди баштап кетти. Алардын бири – маалыматтык согуш. Алар азык-түлүк коопсуздугунан баштап, тигил же бул өндүрүүчүнүн вакцинасынын натыйжалуулугуна чейин кыйпап өттү. Мунун барынан карапайым эл гана жапа чекти, анткени жалган маалыматтардын таралуусу вакцинация процессин бир кыйла жайлатты. Маалыматтык өз ара аракеттер өлкөдө жана аймакта коопсуздукту камсыздоодогу, ошондолй эле мамлекеттер аралык кызматташтыкты колдоонун маанилүү фактору болуп калды.

Эксперттер топтолгон көйгөйлөрдү “Пикир” аймактык эксперттер клубу уюштурган "ЕАЭБ өлкөлөрүнүн заманбап шарттарда маалыматтык өз ара аракеттенүүсү" аттуу конференциясынын жүрүшүндө талкуулоону чечишти.

“Кабар” КУМАнын директору Кубан Абдымен өзүнүн сөзүнүн башында акыркы убакта ЕАЭБ өзүнүн өнүгүүсүн жайлатып койгонун белгиледи. Ал мунун себеби, Биримдиктин мүчөлөрү буга жетиштүү деңгээлде маани бербей жатат деди.

“Бир катар өлкөлөр бул маселеге аларга эмес, кимдир бирөө үчүн керек болуп жаткандай мамиле кылышат. Маалыматтык өз ара аракеттерге байланыштуу Евразия мейкиндиги 5 мамлекетти камтый турганын, бирок алардын ар биринин өнүгүү багыты бар экенин белгилөөгө болот. Бизде маалыматтык тутум бир беткей эмес. 5 мамлекеттин бары түрдүү эл аралык уюмдардын мүчөсү болуп саналат. Бул жерде бизде ЕАЭБдин көйгөйлөрү бардык массалык маалымат каражаттары тарабынан чагылдырылып жаткандыгын ээлик кылабыз. “Мир” телекомпаниясы ЕАЭБ боюнча маалыматтарды толук камтууга аракет кылат. Бирок азырынча универсалдуу камтуу жок. Телеканалдар, ЖМКлар, маалыматтык ресурстар бар. Бирок алар эң маанилүү окуяларды гана камтыйт, бул боюнча көйгөй жок. Бирок бардык калкка жеткирүү маселеси жаралганда социалдык тармактар жөнүндө суроо пайда болот. Кыргызстанда ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу коомдогу плюрализм жана маалымат каражаттарындагы сөз эркиндиги масштабдан чыгып кетет жана дээрлик бардык окуялар коом максималдуу маалымат ала тургандай чагылдырылып, чечмеленет. Так маалымат алууга мүмкүн болгон бирдиктүү маалымат борбору жоктугун белгилеп кетким келет. Бул борборго актуалдуу суроолорду бермекпиз. Азыр дүйнөдө маалыматтык талаа башаламан абалда. Ушул жааттан алганда бирдиктүү маалыматтык саясат кечиктирилгис чечимдерди талап кылат”, - деди эксперт.

Ал ошондой эле ресурстардын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнүн мисалдарын КМШ өлкөлөрүнүн маалымат кеңешинен алса болорун кошумчалады.

Абдымен ошондой эле мейкиндикте бирдиктүү маалымат саясаты жок экенин жана оң жылыштар байкалбаганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий