• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Абдыш-Ата" командасы Ала-Тоо кубогунун жеңүүчүсү болду

Спорт 0

Бишкек, 06.03.20. /Кабар/. Бишкек жана Кант шаарларында эл аралык Ала-Тоо кубогу жыйынтыкталды. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Финалдык бөлүктө "Абдыш-Ата" Кыргызстандын курамасын (U-17) 8:0 эсебинде утуп алды. Ал эми 3 жана 4-орунга болгон оюнда "Алга" казакстандык "Рузаевка" командасын жеңип алды.

Кийинки орундарга "Илбирс", "Наше", "Кара-Балта" жана "Бостери" командалары илинди.

Пикир

Оставить комментарий