• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абдышүкүр Нарматовдун үйүнө уурулукка киргенге шектүүлөрдүн бири кармалды - ИИМ

Коом 0

Бишкек, 15.09.18 /Кабар/. Кыргызстандын Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматовдун үйүнө уурулукка кирүүгө шектелгендердин бири кармалды. Учурда милиция бул кылмыштын башка катышуучуларын издөөдө.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2018-жылдын август айында Ысык-Көл облусунун аймагында милиция кызматкерлери Б.Ы.аттуу 25 жаштагы жаранды кармашкан. Ал буга чейин каракчылык, уурулук, бейбаштык, баңгизаты үчүн соттолгон. Маалым болгондой, кармалган адам дагы башка бир катар кылмыштарды жасоого күнөөлөнүүдө. Алардын арасында Чүй облусунун Ленинское айылындагы акча алмаштыруу жайына кол салуу бар.

Маалыматка караганда, 2018-жылдын май айынын башында Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында эки белгисиз адам тоноо максатында Нарматовдун короосуна кирип, "Тойота-Камри" үлгүсүндөгү унаанын терезесин сындырышкан. Анын ичинен 6000 сомду жана анын жанындагы документтерди уурдап кетишкен.

Үй ээлери ууруларды кармаганга аракет кылышканда кылмышкерлердин бири травматикалык мылтыктан 4 жолу ок чыгарып, качып кетишкен. Анын кесепетинен Абдышүкүр Нарматовдун 21 жаштагы уулу жабыркап, ага медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Аталган факт боюнча "Каракчылык" жана "Уурулук" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Пикир

Оставить комментарий