• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абэ менен Путин Курил аралдары боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө

Дүйнө 0

Бишкек, 22.01.19. /Кабар/. Бүгүн Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ жолугуп, Куриль аралдары боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө.

Жапония менен Орусия Курил аралдарын Экинчи Дүйнөлүк согуштан бери талашып келет. Мурда Жапонияга караган аралдарды согуш учурунда Советтер Союзу ээлеп алган. 1956-жылы эки өлкө аскердик аракеттерди токтотуу тууралуу декларацияга кол коюшканы менен тынчтык келишими кабыл алынбай калган. Аралдардын макамы келишимдин кабыл алынышын артка жылдырып келет.

21-январда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия дагы, Жапония дагы өзүнүн улуттук кызыкчылыктарынан баш тартпай турганын, мындан улам сүйлөшүүлөр «бир топ убакка созулуп кетиши мүмкүндүгүн» билдирген.

Жапон өкмөтүнүн башкы катчысы Ёсихидэ Суга бүгүн Синдзо Абэ «конструктивдүү диалогду» күтүп жатканын жана «тынчтык келишим боюнча сүйлөшүүлөрдүн өтүшүнө болушунча аракет кыларын» билдирди.

Өткөн жумада Орусиянын бир нече шаарларында Курил аралдарынын айрымдарынын Жапонияга берилишине каршы бир нече нааразылык акциялар өткөн.

Пикир

Оставить комментарий