• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абитуриент-2020. Гранттык бош орундарга кошумча сынак башталды

Билим 0

Бишкек, 11.08.20. /Кабар/. Жогорку окуу жайларга онлайн кабыл алуунун III турунда (3-5-август) "Абитуриент Онлайн" истемасына 7 миң 701 талон келип түштү. Анын 2 миң 678и бюджеттик орундарга, 5 миң 23 талон келишимдик негизде билим алууга. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрликтин маалыматына ылайык, III турдун жыйынтыгы менен 3 миң 952 абитуриент жогорку окуу жайга кабыл алынды. Анын 766сы бюджеттик негизде, 3 миң 186сы келишимдик негизде билим алышат.

III турдун жыйынтыгы менен системага жалпы 53 миң 12 талон катталып, ЖОЖдо окуй тургандыгын 21 миң 795 абитуриент тастыктаган: 4 миң 266 гранттык негизинде, 17 миң 529 – контракттык негизинде билим алат.

Жогорудагы келтирилген статистикалык маалыматка ылайык жана ЖОЖдор тарабынан берилген өтүнүчтөрдүн негизинде министрлик жогорку окуу жайлардагы калган бош орундарга кабыл алууга мүмкүнчүлүк берип жатат.

Бош орундарга каттоо бүгүн, 11-августунан башталды. Кабыл алуунун эрежелери мурунку турлардай эле.

Гранттык бош орундарга:

Гранттык бош орундарга өтүнмөлөр 11-августтан тартып, 13-август, саат 14:00гө чейин кабыл алынат. Окуу жай тарабынан сунушталган абитуриенттер 14-августтан 17-август, саат 17:00гө чейин ЖОЖдо окуу ниетин тастыктоосу зарыл.

Контракттык негизинде окуунун бош орундарга:

Бош орундарга өтүнмөлөр 11-августтан 18-август, саат 14:00гө чейин кабыл алынат. Окуу жай тарабынан сунушталган абитуриенттер 19-августтан 21-август, саат 17:00гө чейин ЖОЖдо окуу ниетин тастыктоосу зарыл.

Пикир

Оставить комментарий