• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Абитуриент-2020. Колледждерде кабыл алуунун биринчи туру 30-июлда аяктайт

Билим 0

Бишкек, 29.07.20. /Кабар/. Кыргызстандагы орто кесиптик билим берүү уюмдарына кабыл алуунун биринчи туру 30-июлда аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, быйылкы жылы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алуу онлайн жүргүзүлүүдө. Абитуриенттер Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан атайын иштелип чыккан системада катталышат.

Катталуу үчүн колледжди, адистикти тандап, өтүнмө берүү зарыл. Андан кийин керектүү талаачаларды толтуруп, сканерден өткөрүлгөн күбөлүктү же аттестатты жана сүрөттү тиркеп, “Каттоо” баскычын басуу керек.

Онлайн кабыл алуунун биринчи туру 13-июлдан 30-июлга чейин өткөрүлөт. 3-августтан тартып колледждер окууга өткөндөрдүн тизмесин жарыялай башташат.

3-6-августта – абитуриенттер ОКОЖго кабыл алууну каалоосун тастыктоого тийиш.

Окууга тапшыруучулардын коопсуздугун камсыздоо жана массалык чогулуусун алдын алуу максатында колледждер 3-августтан тартып окууну каалоосун тастыкоо үчүн окууга тапшырган абитуриенттерге телефон чалышат.

Документтердин түп нускаларын студенттер ОКОЖдорго окуу жылдын башында бериши керек.

Пикир

Оставить комментарий