• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абитуриенттердин эсине! ЖРТга каттоого үлгүрбөй калгандар үчүн кошумча үч күн берилет

Билим 0

Бишкек, 20.05.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) каттоого үлгүрбөй калган абитуриенттерге кошумча үч күн берилет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.

Анын айтымында, ЖРТга каттоо 14-февралдан 6-апрелге чейин жүргөн.

"Каттоого жетишпей калган абитуриенттер үчүн 23, 26-майда жана 23-июнда саат 13:00дөн 17:00гө чейин тесттик борборлордо кошумча каттоолор жүргүзүлөт. Эгер абитуриент 23-майда каттоодон өтсө, тестти 24, 25-майда тапшырат, 26-майда катталса 27-28-майда ЖРТга келет. Белгилей кетсек, 23-июнда каттоодон өткөндөр тестти бир гана Бишкек жана Ош шаарларында тапшыра алат", - деди ал.

Батракеева белгилегендей, кошумча каттоодон өтүү үчүн төмөнкү документтер керек:

· паспорт (эгерде 16 жашка чыга элек болсо, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, сүрөт чапталган маалымкат менен);

· 3х4 см көлөмүндөгү эки бирдей сүрөт;

· ЖРТнын каттоо төлөмүн тастыктаган квитанция;

· орто билим жөнүндө аттестат (мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү үчүн) .

Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Самаркүл Умралиева быйыл өлкө боюнча 9-классты 103 миңден ашык, 11-классты 67 миңден ашык окуучу аяктарын айтты.

"Жалпы республикалык тестке 47 миң 468 абитуриент катталды, ал 80 пайызды түзөт. Ошого жараша өлкө боюнча 117 тест борбору уюштурулат", - дейт ал.

Эскерте кетсек, абитуриенттер үчүн Жалпы республикалык тестирлөө төмөнкү мөөнөттөрдө өткөрүлөт:

I этап: 2022-жылдын 24, 25-майында (23-май – тест борборлорун даярдоо күнү);
II этап: 2022-жылдын 27, 28-майында (26-май – тест борборлорун даярдоо күнү);
III этап 2022-жылдын 24, 25-июнунда (23-июнь – тест борборлорун даярдоо күнү).

Соңку III этапта белгилүү бир себептер менен тест тапшырбай калган абитуриенттер үчүн мөөнөтү жылдырылган тестирлөө өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий