• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абитуриенттердин эсине! ЖРТнын III этабына каттоо 23-июнга чейин жүрөт

Билим 0

Бишкек, 17.06.22. /Кабар/. Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) III этабына каттоо 15-июндан 23-июнга чейин жүрөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Белгиленгендей, 2022-жылы ЖРТга катышпаган абитуриенттер каттоодон өтүп, тест тапшыра алат.

"Эгерде абитуриент 2022-жылы каттоодон өтүп, бирок, ар кандай себептер менен тестке катыша албай калган болсо кайрадан каттоодон өтүүгө тийиш. Мындай абитуриенттер тестке кирүү талонун жана өздүгүн күбөлөндүргөн документин алып келүүгө милдеттүү", - деп айтылат маалыматта.

2022-жылы Жалпы республикалык тесттен четтетилген (дисквалификация болгон) абитуриенттердин каттоодон өтүүгө укугу жок.

ЖРТнын III этабына каттоо (кайрадан каттоо) төмөнкү даректер боюнча жүргүзүлөт:

  • Бишкек шаарында - №24 мектеп-гимназиясында: Тыныстанов көч., 110;
  • Ош шаардык билим берүү бөлүмүндө (Ош шаары, Ленин көчөсү).

Тест 24-25-июнь күндөрү Бишкек жана Ош шаарларында өтөт

Пикир

Оставить комментарий