• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абхазияда оппозиция президенттин имаратын басып алды

Дүйнө 0

Бишкек, 10.01.20. /Кабар/. Өзүн республика катары жарыялап алган Абхазияда бейшембиде оппозиция өкүлдөрү баштаган митинг катышуучулары президент администрациясынын имаратын басып алышты. Бул тууралуу россиялык басылмалар жазды.

Сухумидеги администрациянын имаратында жүздөгөн киши чогулган. Алар имараттын эшик-терезелерин талакалап киришкен. Демонстранттарга аз гана сандагы күзөт кызматкерлери каршылык көрсөткөн.

Абхазияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы сентябрда өткөн. Расмий түрдө өлкөнүн азыркы президенти Рауль Хажимба жеңишке жеткен. БШКнын маалыматы боюнча ал 47,3 пайыз добуш топтогон. Анын атаандашы Алхас Квиниция шайлоочулардын 46,1 пайыз добушун алган.

Квициниянын штабы Хажимбанын жеңишин тааныбай турганын, добуштарды кайра саноону талап кыларын билдирген. Бирок сот арызды четке каккан. 9-январда жикчил Абхазиянын Жогорку соту бул чечимди кароо мөөнөтүн жылдырган.

Президенттин администрациясынын имаратынын алдына чогулган митингчилер Рауль Хажимбанын отставкасын талап кылышты. Демонстранттардын бир бөлүгү парламенттин имаратында. Алар “депутаттар мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат” деп күтүп жатышат.

"Интерфакс" маалымдагандай, бийлик бул окуяны мамлекеттик төңкөрүш аракети катары сыпаттады. Хажимба Сухумиде экенин жана өз милдеттерин аткарып жатканын, эч кайда качпай турганын билдирди.

Мындан 11 жыл мурун, 8-августта Грузия менен Россиянын ортосунда куралдуу кагылышуу болгон. Беш күнгө созулган жаңжалда 412 грузин жараны, Россиянын 67 аскер кызматкери ажал тапкан. Жаңжалдын соңунда Москва Түштүк Осетия менен Абхазияны өз алдынча мамлекет катары тааныган. БУУнун мүчөлөрүнүн көбү Абхазияны Грузиянын бир бөлүгү деп эсептейт. Тбилиси республикадагы шайлоону тааныган жок.

Пикир

Оставить комментарий