• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

АБС орнотулгандан кийин май куюучу жайларда күйүүчү май сатуунун көлөмү кескин көбөйдү

Экономика 0

Бишкек, 22.07.21. /Кабар/. Авто май куюучу жайларда башкаруунун автоматташтырылган системасы (АБС) орнотулгандан кийин республикада күйүүчү майларды сатуунун көлөмүнүн өсүшү байкалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 6 айында май куюучу жайлар аркылуу күйүүчү май сатуунун көлөмү 26,2 млрд сом суммасында 696,3 млн литрди түзгөн. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көлөмү боюнча өсүү ыргагы 149,5%ды жана түшкөн акча 170,5%ды түздү.

«Азыркы учурда 987 автомай куюучу станциялар автоматташтырылган башкаруу системасын колдонуу менен иш алып барышат. Республика боюнча катталган 1 миң 104 май куюучу жайдын ичинен 117 иштебейт»,-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 1-июлунан тартып "СМАРТ Салым" салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорунун алкагында май куюучу станциялар автоматташтырылган башкаруу системасын жана контролдук-кассалык чекте сатылуучу күйүүчү май тууралуу (аталышы, ЕАЭБ ТЭИ ТН коду, саны, 1 литр үчүн баасы, жалпы баасы) маалыматтарды басып чыгаруу жана бул маалыматтарды салык органына онлайн-режимде өткөрүп берүү функциясы бар ККМди колдонушууда.

Мындан тышкары, 2020-жылдын 1-июлунан тартып мунай жана мунай заттарын казып алуу, өндүрүү, ташып келүү жана сатуу менен алектенген ишкерлер МСКнын маалыматтык системасы аркылуу технологиялык чынжыр боюнча мунай заттарды жүктөө үчүн электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазын (ЭТТК) тариздеп башташты. Бул электрондук документте мунай жана мунай заттар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүнү жүзөгө ашыруучу транспорттук каражаттар жөнүндө жана башка маалыматтар камтылат.

Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар колдонула баштаган күндөн тартып 2021-жылдын 8-июлуна карата 148 036 ЭТТК таризделген.

Салык жол-жоболорун санариптештирүүнүн башка долбоорлору менен катар АМС жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы (ЭТТК) башкаруунун автоматташтырылган системасын киргизүү көмүскө экономика менен күрөшүүдө маанилүү компонент болуп саналат жана Салык кызматынын сервистик тейлөөсүн оптималдаштырууга, салык төлөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоого жана бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Пикир

Оставить комментарий