• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абсаттар Сыргабаев эл аралык олимпиадаларда алдыңкы орундарды ээлеген окуучуларды сыйлады

Аймак 0

Бишкек, 22.01.22. /Кабар/. Пезиденттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек баатыр" атындагы лицейдин эл аралык олимпиадаларга катышып, алдыңкы орундарды ээлеген окуучулары менен жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алар аталган лицейдин 10-классынын окуучусу Тенгиз Беккоёнов менен 11-классынын окуучусу Нияз Жусупбеков.

Тенгиз Беккоёнов 2021-жылдын 12-декабрында Казакстандын Алматы шаарында өткөн информатика сабагы боюнча "XIII Евразия" олимпиадасында алтын медаль, өткөн жылдын декабрь айында Москва шаарында өткөн "VI Мегаполис" олимпиадасында коло медаль, Румыниянын Бухарест шаарында өткөн сынакта күмүш, ал эми Азербайжанда өткөн олимпиадада күмүш медалга ээ болгон.

Ал эми Нияз Жусупбеков 2021-2022-окуу жылында Өзбекстанда өткөн физика сабагы боюнча Эл аралык олимпиадага катышып, коло медаль тагынган.

Облус өкүлү окуучулардын ар бир жетишкен ийгиликтери сыймык жаратарын айтты. Дагы да билим алууга умтулуп, өлкөнүн келечегине салым кошкон чыгаан инсандардан болуусун тилеп, Ардак грамоталарды тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий