• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сузак районунда жаңы мектептин курулушуна капсула салынды

Аймак 0

Бишкек, 25.11.22. /Кабар/. Кечээ, 25-ноябрда КР президентинин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев Сузак районунун Таран-Базар айылындагы орто мектептин жаңы имаратынын курулушуна капсула салды.

Өкүлчүлүктөн билдиргендей, аталган айылдагы мектепке болгон муктаждык маселеси өткөн жылы президент Садыр Жапаров менен жергиликтүү тургундардын жолугушуусунда көтөрүлгөн. Ага ылайык, өлкө башчысы жаңы мектептин курулушун жеке көзөмөлүнө алган.

Эки кабаттуу билим берүү мекемеси 200 орунга ылайыкташкан. Каражат республикалык бюджеттен каржыланып, тендердик наркы 56 млн 862 миң сомго бааланган мектептин курулушун 2023-жылдын сентябрь айына бүткөрүү пландалган. Буга чейин эскилиги жетип, беш жылдык билим берип келген мектепте 139 окуучу окуйт.

Облус башчысы курулуш иштеринин жүрүшү көзөмөлдө болоорун айтып, мектепти 11 жылдык жалпы билим берүүгө өткөрүү аракеттери көрүлөөрүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий