• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абшыр-Ата эс алуу жайындагы 4 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 24.10.22. /Кабар/. Ош областынын Ноокат райондук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы текшерүүгө алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, текшерүүдө Т.Кулатов айыл аймагынын “Абшыр-Ата” эс алуу жайына караштуу 4,05 га жер тилкеси айыл өкмөттүн кызмат адамдары тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча райондук прокуратура тарабынан жер тилкесине мыйзамсыз берилген документтерди жокко чыгаруу жөнүндө сот органдарына доо арыздар келтирилип, жыйынтыгында алар соттун күчүнө кирген чечимдери менен жараксыз деп табылган.

Мындан сырткары, прокуратура тарабынан Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө прокурордук талап келтирилип, аны кароонун жыйынтыгы менен баасы 24 млн 200 миң сомду түзгөн жогоруда аталган 4,05 га жер тилкеси айыл өкмөттүн жер балансына кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий