• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Абулгазиев: Биз ак илбирстин тукумун сактап калышыбыз керек

Өкмөт 0

Бишкек, 24-июль /Кабар/. Биз жаратылышыбыздын символдорунун бири болгон ак илбирстин тукумун сактап калышыбыз керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча Саммит өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйынында билдирди.

«Бир айдан кийин Бишкек шаарында ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча Саммит өтөт. Бул абдан маанилүү иш чара, негизги максаты ак илбирстин тукумун сактоо. Аталган форумдун жогорку деңгээлин эске алуу менен, уюштуруучу комитет бир катар маселелерди чечүүгө багыт алышы керек. Кыргыз Республикасынын демилгеси менен уюштурулуп жаткан форум жогорку уюшулгандыкта өтүшү керек», – деди ал.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, комиссиянын отурумунан кийин, бир катар министрликтер менен мекемелерге уюштуруу боюнча саммитти жыйынтыктоочу арызда чагылдырыла турган ак илбирстин тукумун сактоо үчүн мурда бекитилген иш-чаралардын планын жана ачык-айкын сунуштарды өз убагында иштеп чыгуу жана ишке ашырууга багытталган бир катар тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий