• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абулгазиев: Биздин өлкө араб дүйнөсүнүн инвесторлору үчүн ачык жана өз ара пайдалуу кызматташууга даяр

Өкмөт 0

Бишкек, 11-июль /Кабар/. «Биздин өлкө араб дүйнөсүнүн инвесторлору үчүн ачык жана биздин өлкөдөгү тиешелүү кепилдиктерди жана жагымдуу укуктук шарттарды камтыган өз ара пайдалуу жана ачык кызматташууга даяр», -деп билдирди Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер министри Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 11-июлда, Араб координациялык тобунун катышуусундагы үчүнчү тегерек стол жыйынынын ачылышында. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөдөгү саясий жана социалдык-экономикалык кайра түзүмдөрдү ишке ашырууда жагымдуу инвестициялык жагдайды түзүү боюнча бардык зарыл чараларды кабыл алууда. Берилген кепилдиктердин жана чет элдик инвесторлорго жеңилдиктердин укуктук базасы иштелип чыкты, экономиканын ачыктыгы, либералдуу соода жана валюталык режим», - деп билдирди Мухамметкалый Абулгазиев.

Биринчи вице-премьер-министр маалымдагандай, өткөн эки жолку тегерек столдун жыйынтыгында Араб координациялык тобу оң жыйытыктарга ээ болгон.

Араб координациялык тобунун катышуусундагы үчүнчү тегерек стол жыйынында өлкөнүн министрликтери жана ведомстволору ирригация, саламаттыкты сактоо жана транспорт инфраструктурасы тармактарындагы 23 долбоорду кароого киргизди жана бет ачарын сунуштайт.

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргызстан Араб координациялык тобунун финансылык жана техникалык колдоосун жогору баалайт жана кароого киргизилген инвестициялык долбоорлор тегерек столдун бардык катышуучуларынын кызыкчылыктарына жооп берерине ишенимин билдирди.

«Сунушталган долбоорлор биздин республика үчүн абдан актуалдуу жана маанилүү. Аларды ишке ашыруу менен калктын жашоо деңгээлин жана бакубаттуулугун өстүрүүгө мүмкүнчүлүк берет»,-деп билдирди Мухамметкалый Абулгазиев.

Өз кезегинде Ислам Өнүктүрүү Банкынын вице-президенти белгилегендей, Кыргызстан болуп өткөн эки жолку тегерек стол жыйындарын ийгиликтүү улантуучусу болуп саналат.

«Биз бардык иш чаралар өз ара пайдалуу жана Кыргызстандын элинин пайда алып келерине жана алдыдагы өнүгүүгө карата башталган иштерде колдоо көрсөтүлөрүнө ишенебиз», - деп билдирди.

Пикир

Оставить комментарий