• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Абулгазиев: Өкмөттүн иши үзгүлтүккө учурабашы керек

Өкмөт 0

БИШКЕК, 22.08.17. /Кабар/. Өкмөттүн иши үзгүлтүккө учурабашы керек. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Мухамметкалый Абулгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү жана мамлекеттик органдардын жетекчилери менен болгон жыйында билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Мухамметкалый Абулгазиев жыйында биринчи кезекте аткарыла турган тапшырмаларга токтолду.

Тактап айтканда ал жаңы окуу жылына карата даярдыктар, 2017-2018-жылдарга кышка карата кам көрүү, табият кырсыгынан жабыркаган аймактарда социалдык объекттердин курулушун аягына чыгаруу жана мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүндөгү негизги багыттарды убагында бүткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Өкмөттүн толук курамы бүгүнкү күндөн тартып, өз кызматынын милдетин аткаруучу катары жаңы Өкмөттүк курам түзүлгөнгө чейин кызматына улантат. Биринчи кезекте буга чеийнки пландарды ишке ашырууну улантып, мурдагы калыпта иштеп берсеңиздер деп айтар элем»,-деди Мухамметкалый Абулгазиев.

Мындан сырткары Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Мухамметкалый Абулгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курамы менен жумушчу жыйын өткөрүп, буга чейинки пландарды аткарууну сапаттуу ишке ашырууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий