• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абулгазиев: КР Президентин шайлоону өткөрүүгө мамлекеттик органдар ар тараптуу жана өз убагында жардам берүүгө тийиш

Өкмөт 0

Бишкек, 13-июль /Кабар/. «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүгө мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына ар тараптуу жана өз убагында жардам берүүгө тийиш.Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхында маанилүү иш чара болуп саналат. Муну эске алуу менен шайлоону жогорку уюшкандыкта жана техникалык деңгээлде өткөрүү керек», - деп билдирди Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 13-июлда, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү жана даярдык көрүүдө шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерин чечүүгө жана колдоо көрсөтүү боюнча өткөн республикалык штабдын биринчи жыйынында. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы маалымдады.

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев маалымдагандай, жакынкы күндөрү шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерине көмөк көрсөтүү боюнча облустук жана райондук деңгээлде штабдар түзүлөт.

«Мамлекет башчысын шайлоону өткөрүү 2017-жылдын 15-октябрына белгиленген. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына шайлоону уюштуруу жана өткөрүүгө жардам көрсөткөн Республикалык штаб түзүлдү. Штабдын негизги кызматы Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына уюштуруу маселелерин чечүүгө, материалдык-техникалык көйгөйлөрдү жана коопсуздукту камсыз кылууга, жарандардын укуктарын коргоо, шайлоонун жүрүшүндө тартипти камсыздоо, бюллетендерди участкаларга жеткирүүнүн жүрүшүндө коргоону жана сактоону камсыз кылуу болуп саналат. Шайлоо ачык жана жарандардын укуктарын сактоо менен өтүшү керек», - деп билдирди Мухамметкалый Абулгазиев.

Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нуржан Шайлдабекова маалымдагандай, азыркы учурда президенттик шайлоого катышууну каалаган талапкерлердин арыздарын кабыл алуу жүрүүдө.

«Бүгүнкү күнгө жарандардан 23 арыз келип түштү, анын ичинен 20 жаран өзүн-өзү көрсөтсө, үч талапкерди саясий партиялар көрсөткөн. Азыркы кезде алардын документтери каралууда. Аны менен бирге 2017-жылдын 1-августуна чейин шайлоо участкаларынын аймагы жана схемасы бекитилүүгө тийиш. Биз республиканын аймактарында 2300 шайлоо участкасын ачууну пландаштырып жатабыз. Ошондой эле чет өлкөлөрдө 36 участка ачылат жана Бишкек шаары боюнча кошумча 27 шайлоо участкасын түзүү боюнча сунуштар каралууда», - деп билдирди.

Ошондой эле Нуржан Шайлдабекова белгилегендей, 2017-жылдын 15-августунда шайлоочулардын тизмесин тактоо боюнча иштерди жыйынтыктоо пландаштырылууда. Ага ылайык ар бир жаран өзүнүн шайлоо участкасы менен тааныша алат жана шайлоочулардын тизмеси 60 күн аралыгында таанышуу жана тактоо үчүн жеткиликтүү болот.

«Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын тизмесин түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө, алардын добуш берүүгө катышуусу үчүн зарыл болгон шарттар түзүлөт. Ошондой эле башка мамлекеттерде жашап жана иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын максималдуу камтуу маселеси иштелип жатат. Биз эмгек мигранттарынын добуш берүүгө активдүү катышуусу үчүн шарттарды түзүшүбүз керек»,- деп баса белгиледи Нуржан Шайлдабекова.

Финансы министри Адылбека Касымалиевдин маалымдагандай, шайлоону өткөрүү үчүн 471,4млн сом ( шайлоонун эки айлампасын эске алуу менен) жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине чет мамлекеттерде шайлоо участкаларын ачуу үчүн 8,2млн сом бөлүнгөн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик катоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев белгилегендей, ар бир райондо шайлоочулардын дарегин жана тизмесин тактоо боюнча иштерди жүргүзүү үчүн штабдар түзүлдү.

«Мындан тышкары БШК менен биргеликте 1072 аты белгисиз көчөлөр жана бирдей аталыштагы көчөлөр аныкталды. Азыркы кезде биометрикалык маалыматтары боюнча жарандар тизмеси -2 млн 954 547 жаран, тизмедеги шайлоого катышуучу жарандар– 2 млн 893 453 жаран. 26 миң 33 жаран каза болгондугуна байланыштуу жана 2964 жаран башка өлкөнүн жарандыгын алгандыгына байланыштуу тизмеден чыгарылды», - деп маалымдады.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоевбелгилегендей, шайлоо учурунда 9500 оператор идентификация боюнча,500 адис жардам берүү жана окутуу боюнча иш алып барат.

«Биз ошондой эле шайлоо тизмелери боюнча бир катар жаңы функцияларды иштеп чыктык. Биринчиден эгер жарандар өздөрүн тизмеден тактагысы келсе, ал 119 номуруна жеке идентификациялык номурун көрсөтүү менен акысыз СМС билдирүү жөнөтүп билсе болот. Система автоматтык түрдө шайлоочунун участкасын жана номурунун дарегин жиберет. Ошондой эле www.shailoo.srs.kg системасы иштейт. Анда жарандар өздөрүн тизмеден тактаса болот. Мындан тышкары «119» колл-борбору иштейт.

Жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуу маселесинде ар бир участкада милиция кызматкерлери иш алып барышат. Коопсуздукту камсыз кылууга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 9 миңге жакын кызматкери тартылат. Алар шайлоо аяктаганга чейин күчөтүлгөн режимдеги кызматка өткөрүлөт.

«Өзгөчө көңүлдү шайлоочулардын добушун сатып алуу менен күрөшүүгө жана шайлоо участкаларынын имаратынын коопсуздугун сактоого буруу зарыл», - деп баса белгиледи биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев.

Пикир

Оставить комментарий