• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абыкеев: Шайлоо алдындагы убадалардын 20%ы гана аткарылганда Кыргызстан гүлдөгөн мамлекетке айланмак

Коом 0

Бишкек, 11.09.20. /Кабар/. Буга чейинки шайлоо алдындагы убадалардын 20%ы гана аткарылганда Кыргызстан гүлдөгөн мамлекетке айланмак. Бул тууралуу "Биринчи радионун" түз эфиринде коомдук ишмер Чолпонбек Абыкеев билдирди.

"Шайлоо алдында талапкерлер тарабынан берилген убадалардын 20%ы гана аткарылган болсо, биздин мамлекет Сингапурдан да өтүп, Япония менен тең тайлашып, гүлдөгөн мамлекетке айланмак. 30 жылдын ичинде жетинчи ирет парламенттик шайлоо өткөрүлүп жатат. Бирок убадалардын 0,3%ы да аткарылган жок. Убада убада бойдон калып жатат. Мына ошондой убаданы азыркы партиялар да бере баштады", - дейт ал.

Анын пикири боюнча, бүгүнкү күнү эл депутаттын милдеттерине эмнелер кирерин түшүнүп калды.

"Ошол эле учурда аны түшүнбөгөндөр да бар. Дагы деле жол салып берем, мектеп куруп берем деген убадалар болуп жатат. Аны депутат жасабайт, ал өкмөт жасай турган иштер. Андай убадаларды бергендерге эл "депутат мыйзам жазат, анын аткарылышын көзөмөлдөйт, жалпы мамлекеттик страгтегияны аныктайт" деп айтышы керек", - дейт ал.

Анын айтымында, бул парламенттик шайлоолордун мурдагылардан айырмачылыгы - бул ирет шайлоого 16 партия катышып жатканы.

"Мурда мындай болгон эмес. Бул парламенттик шайлоодо биз мурда укпаган көп жаңы партиялар болууда", - дейт ал.

Ал билдиргендей таза шайлоо өткөрүүгө коом өзү даяр болушу керек.

"Таза шайлоо өткөрүүгө биринчи кезекте шайлоочу өзү даяр болуш керек. Экинчиден шайлоо мыйзамдарынын деңгээли, үчүнчүдөн шайлоого катышкан партиялардын деңгээли болушу зарыл. Ачыгын айтыш керек 16 партиянын ичинен шайлоодо жеңип келет деген партиялардын ондугунда олигархтар, башкача айтканда чоң акча жумшап жаткандар турат. Алар эмнеге ал чоң акчаларды шайлоого салып жатат деген суроо жаралат", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий