• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев №17 ҮМБда түзүлгөн кырдаал боюнча күнөөлүүлөрдүн жоопкерчилигин кароону тапшырды

Коом 0

Бишкек, 18.04.20. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев №17 Үй-бүлөлүк медицина борборунда түзүлгөн кырдаал боюнча тергөө жүргүзүүнү жана күнөөлүүлөрдүн жоопкерчилигин кароону тапшырды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Бул тапшырманын аткарылышын көзөмөлдөө вице-премьер-министр Аида Исмаиловага жүктөлгөн.

Белгилей кетсек, Чоң-Арык айылындагы №17 Үй-бүлөлүк медицина борборунда иштеген 4 дарыгер коронавирус жуктуруп алган. Алар Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылган. Ал эми алар менен бирге иштеген медицина кызматкерлери обсервацияга жаткырылган.

Пикир

Оставить комментарий