• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Абылгазиев: 2017-жылы улуттук валютадагы кредиттер боюнча үстөктөр 4,7% төмөндөгөн

Өкмөт 0

Бишкек, 14.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 14-июнда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жалпы жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдагы аткарган иши тууралуу отчет берди. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Банк секторунун кредиттик портфелин долларлаштыруу деңгээли 2017-жылы 2016-жылга салыштырмалуу орточо алганда 4,3%га азайды жана 41,3%ды түздү. Депозиттик базаны долларлаштыруу деңгээли 2016-жылга салыштырганда 7,2%га азайды жана 49 %ды түздү.

Мында улуттук валютадагы кредиттер боюнча орточо үстөк 19,8%ды түзүп, 2016-жылдагы ушундай көрсөткүчкө салыштырганда 4,7%га азайды, чет өлкөлүк валютада – 10,5 % болуп, 2%га азайды», - деди ал.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, өткөн жылы инфляция 3,7% түзүп, ал эми 2017-жылдын соңуна карай тышкы карыз өлкөнүн ички дүң продукциясына карата 53,9% барабар болгон.

«Буга катар белгилей кетсек, билим берүүгө 2017-жылы 33 млрд сомдон ашык каражат жумшалып, бекитилген бюджеттен 18%га ашкан. Бул 2016-жылга салыштырмалуу мектепке чейинки билим берүүнү – 1,9%га, мектептик билим берүүнү – 5%га, окуу китептери менен камсыздоону 4%га жогорулатууга мүмкүндүк берди», - деди Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий