• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Абылгазиев 2018-жылдагы негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөр тууралуу айтып берди

Экономика 0

Бишкек. 24.04.19 /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчет берүү учурунда өлкөнүн 2018-жылдагы негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу айтып берди.

Өкмөт башчы белгилегендей, өлкөнүн ИПДсы 557,1 млрд сомду (+3,5%) түзүп, курулушта 7,8%, өнөр жайында 5,5%, айыл чарбасында 2,7%, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө 2,1% өсүш катталды.

«ИДПнын калктын жан башына бөлүнүшү 3%га өстү. 2018-жылдын ичинде тышкы карызды 265 млн долларга азайып, көлөмү 3,8 млрд АКШ долларын түзөт. Былтыр ички дүң продуктуга карата карыз кооптуу чектен 53,1%дан 48%га чейин азайтылды. Ошону менен бирге тышкы соода жүгүртүүсү 6,7 млрд АКШ долларын түзүп, 6,6%га көбөйдү. Чет элдик түз инвестициялардын келиши 570 млн АКШ долларын түзүп, ошол эле учурда инвестициялардын чыгып кетиши 2017-жылга салыштырмалуу 27,7%га, же 200 млн АКШ долларына азайган», - деп белгиледи Абылгазиев.

Ошондой эле, анын айтымында, негизги капиталга ички инвестициялардын көлөмү 108,6 млрд сомду (+24%) түзгөн. Ишканалардан жана уюмдардан салынган инвестициялардын көлөмү 50,1 млрд сомду түзүп, 36% өскөн. Мындан тышкары ЕАЭБ алкагында экспорт 5%га көбөйсө, импорт 4,7% азайды.

Муну менен катар Абылгазиев баса көрсөткөндөй, инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн: бизнес омбудсмен институту түзүлдү, ишкердик субъекттерди текшерүүгө 2 жылдык мораторий киргизилди; жаңы ачылган ишканалар 5 жылга салыктан бошотулду, туруктуу өнүгүү долбоорлорун даярдоочу фонд түзүлдү.

Өкмөт башчы белгилегендей, инфляция 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча 0,5%ды түздү, бул Евразия экономикалык биримдиги жана Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги өлкөлөрүнүн арасында абдан жакшы көрсөткүч.

Премьер-министр ырастагандай, экономиканы кредиттөө 130,5 млрд сомду түзүп, 18,2%га көбөйгөн.

«Мындай аракеттердин мультипликативдик үзүрү: макроэкономикалык туруктуулук, ишканалардын жана жумуш орундарынын түзүлүшү, бюджеттик салыктар. Алынган насыялардын коопсуздугун камсыздоо үчүн «Кепилдик фонду» ААКны капиталдаштырууга 300 млн сом бөлүндү. Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө жеңилдетилген насыяларды берүүнү көбөйтүү максатында өткөн жылы «Айыл банк» ААКны капиталдаштырууга 1 млрд сом бөлүндү. Ошону менен бирге банктык мекемелердин ачык-айкындыгын камсыз кылуу иштери улантылат. Мындан тышкары «РСК банк» ААК капиталдаштыруу боюнча Россия-кыргыз өнүгүү фонду менен бирге Евразия өнүгүү банкы менен жол картага кол коюлду», - деп белгиледи Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий