• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев: 2018-жылы бир нече категориядагы социалдык кызматкерлердин айлыгы көтөрүлдү

Өкмөт 0

Бишкк, 13.11.19. /Кабар/. Өкмөт 2018-жылы бир нече категориядагы социалдык кызматкерлердин айлык маяналарын көтөрүүгө жетишти. Бул тууралуу пемьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, өткөн жылдын бюджети социалдык багытын сактады. Бул тармакка 78,4 млрд сом бөлүнүп, 55,2 %ды түздү. Анын ичинен: билим берүүгө – 30,8 млрд. сом бөлүнүп (21,7%), 2017-жылга салыштырмалуу 42,0 млн. сомго көбөйгөн. Саламаттык сактоого – 19,4 млрд. сом бөлүндү (13,6%), 2017-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 1,8 млрд сомго көп болду. Социалдык коргоого – 29,6 млрд. сом бөлүндү (20,9%), 2017-жылга салыштырмалуу 3,4 млрд. сомго көбөйгөн. Маданият жана дин бөлүмү боюнча 3,2 млрд сом жумшалды.

Абылгазиев эң негизгиси 2018-жылы бир нече категориядагы социалдык чөйрөдөгү кызматкерлердин айылык акысы жогорулаганын белгиледи. Анын ичинде маданият тармагында 11 мекеменин кызматкерлеринин маянасы 80%га көтөрүлдү, илимий ишмердикти өнүктүрүү үчүн окумуштууларга ай сайын үстөк акынын өлчөмү белгиленди, машыктыруучулардын айлык маяналарын көбөйтүү маселеси чечилип, ал үчүн 2019-жылдын бюджетинде 103 млн сом каралды, социалдык коргоо жагынан бирөөнүн кароосуна дайыма муктаж болгон балдарга «персоналдуу ассистент» социалдык кызматы киргизилди. Баккан адамдарга, айрыкча энелерге ай сайын 4900 сомдон маяна төлөнүп бериле баштады, медициналык айымдардын жана фельдшердик-акушердик пункттардын ортоңку персоналдарынын айлыгы жогорулады, пенсиялар индексацияланганын кошумчалады.

Министрлер кабинетинин башчысы билдиргендей, капиталдык салымдар боюнчасоциалдык-маданий багыттагы 156 объекттин курулуштары жана капиталдык оңдоп-түздөө иштери бүткөрүлдү. Анын ичинде: 95 мектеп, 8 бала бакча, 8 спорт комплекс, 8 саламаттык сактоо, 6 маданият үйү, 25 таза суу объекти бар. 251,2 км жол асфальттанды, 14 көпүрө салынды. Донордук уюмдар менен бирге иш алып баруу аркылуу жалпы 45 айыл (86,5 миң адам) таза суу менен камсыз болду.

Салыштыруу үчүн алсак, 2017-жылы 98 объектте куруу жана оңдоо иштери аяктаган.

Пикир

Оставить комментарий