• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев: 2018-жылы бюджеттин дефицити үч эсе азайган

Өкмөт 0

Бишкек, 13.11.19. /Кабар/. 2018-жылы бюджеттин дефицити ИДПга карата 1,2%ды түздү. Бул тууралуу парламентте премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Анын айтуусунда, бул абдан жакшы көрсөткүч болгон. Жалпысынан тартыштык (дефицит) 6,46 млрд сом суммасын түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу дефицит 10,9 млрд сомго, же 3 эсе азайган (2017 – дефицит – 17 млрд 377 млн сом).

"Ошондой эле Өкмөт Улуттук банк менен бирге инфляцияны 2018-жылы 0,5%дык деңгээлинде кармап турууга жетишти. (2017 – 3,7%, 2019 – 0,3%). Улуттук банк менен балансташтырылган валюталык саясатты жүргүзүү боюнча иш-чаралардын топтомун кабыл алдык", - деп маалымдады өкмөт башчы.

Премьер-министр кошумчалагандай, 2018-жылдагы республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү 142 млрд сомго аткарылган. 2018 такталган план 154,1 млрд. сомго, 92%га аткарылган. 2017 план такт 161,3 млрд сом, факт 152,1 млрд сом", - деди Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий