• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Абылгазиев: 2018-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүндө көпчүлүк экономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүшү байкалды

Өкмөт 0

Бишкек, 30.04.19. /Кабар/. ЕАЭБ алкагында товар сатуу масштабы жана структурасы өз ара кызматташуунун оң динамикасынын күбөлөндүрөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Армения Республикасынын Ереван шаарында Евразия экономикалык биримдигинин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында билдирди.

«Быйыл евразия интеграциясы идеясынын 25 жылдыгын жана Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө Келишимге кол коюлушунун беш жылдыгын белгилейбиз. Бул мезгил аралыгында Биримдиктин укуктук базасын өнүктүрүү жана өркүндөтүү, институттун өзүн күчтөндүрүү жана улуттук мыйзамдарды шайкештөө боюнча чоң иштер жасалды. ЕАЭБ кыйла жаш жана ыкчам өнүгүп жаткан интеграциялык биримдиктердин бири болуп саналат, аны менен катар тышкы өнөктөштөр менен өз ара пайдалуу жана тең укуктуу кызматташууга ачык», - деп белгиледи Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, өз ара аракеттердин жаңы форматтарын түзүү, ошондой эле чоң Евразия өнөктөштүгү идеясын өнүктүрүү иштин негизги багыттарынын бири болуп саналат, ал ЕАЭБ алкагында интеграциялык процесстерди келечектүү өнүктүрүү жөнүндө Декларацияда бекитилген.

«2018-жылдын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүндө көпчүлүк экономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүшү байкалды. Иштин натыйжалуулугу жана ЕАЭБ алкагында оңдуу өзгөрүүлөр конкреттүү сандар менен бекемделген, өз ара сооданын өсүүсү 9,2%, тышкы соода 18,8% жана үчүнчү өлкөлөргө экспорттоо 26,8% пайыз болгон», - деди ал.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдиргендей, 2019-жыл Кыргыз Республикасында «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыяланган.

«Кыргыз Республикасы санариптештирүү маселесине зор көңүл бурат жана санариптик күн тартибинин алкагындагы өз ара пайдалуу долбоорлорду өнүктүрүүгө, колдоого даяр. Буга байланыштуу, мен каралып жаткан – «Өнөр жай кооперациясы, субконтрактациялык жана технологиялар трансфери Евразиялык түйүнү» долбооруна өзүнчө токтолуп кетсем. Биз бул документ өнөр жай тармагында өз ара тыгыз аракеттешүүлөрдү орнотуу үчүн жакшы негиз болот деп ишенебиз. ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин өнөр жайын санариптик трансформациялоо үчүн биргелешкен тапшырмаларды ишке ашыруу шарттары камсыздалса, долбоордун келечеги жакшы болот деп эсептейбиз. Дагы бир артыкчылык «бирдиктүү терезе» улуттук механизмдерин ишке ашыруу болуп саналат. Ал эл аралык соода процедураларын жөнөкөйлөштүрүүгө жетишүүнү шарттайт. Бүгүн кабыл алынган «бирдиктүү терезе» улуттук механизмдеринин эталондук моделинин долбоору интеграциялык биримдиктин мүчө-мамлекеттеринин тышкы экономикалык ишмердүүлүгүн жөнгө салууда бир түрдүүлүккө жетишүүгө шарт түзөт», - деп чечмеледи ал.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өз сөзүнүн соңунда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын 2019-жылдын 9-августунда Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл көлүнүн жээгинде өткөрүүнү сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий