• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Абылгазиев: 2018-жылы өкмөт өтө оор шартта иштегенине карабастан, экономикалык өсүштү камсыз кылды

Өкмөт 0

Бишкек. 24.04.19 /Кабар/. Өткөн жыл Кыргызстан үчүн, анын ичинде өлкөнүн экономикасы үчүн кыйла сынаакы мезгил болду. Биз түзүлгөн кырдаалды туура баамдап, оӊ жыйынтык чыгардык. Бул тууралуу gремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеӊеште өкмөттүн 2018-жылдагы иши жөнүндө отчету угулуп жатканда билдирди.

Анын пикиринде, өкмөт мына ушундай өтө оор шартта иштегенине карабастан, экономикалык өсүштү камсыз кыла алды. Мында биргелешип иш алпарган президенттин, парламентинин, аткаруу бийлигинин кошкон салымы бар.

Абылгазиевдин айтымында, башкы милдет макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү камсыз кылып, калк турмушун жакшыртуу, анын мамлекеттик бийликке карата ишенимин бекемдөө болуп санала турганын баса белгиледи.

"2018-жылы экономикалык өсүш болжолдуу көрсөткүчтөн 0,7 пайызга аштын. Жыл жыйынтыгы боюнча ички дүң өнүмдүн көлөмү 557,1 млрд сомго жетип, иш жүзүндөгү өсүү 103,5 пайызды түздү. Ал эми “Кумтөр” кенин эске албаганда, иш жүзүндөгү өсүш 103,5 пайыз болду", – деди ал.

Макроэкономикалык өсүш 3,5 пайыз деңгээлинде болуп, Кыргызстан ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин арасында ИДӨ боюнча Армениядан жана Казакстандан кийинки үчүнчү орунга чыкканы, ал эми Россияда ИДП өсүшү 2,3 пайызды, Беларуста 3,0 пайызды, инфляциянын деңгээли 100,5 пайызды түзгөнү белгилүү болду. Андан тышкары, өткөн жылдагы орточо эмгек акы 235,6 доллар жана пенсиянын жылдык орточо өлчөмү 80,1 доллар өлчөмүндө болгон. Бул ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында эң төмөнкү көрсөткүч болуп эсептелет.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин бүгүн, 24-апрелде өтүп жаткан жыйынында КР Өкмөтүнүн 2018-жылдагы иши жөнүндө КР Премьер-министринин отчету угулуп жатат. Жыйынга депутаттар, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери катышты. Парламентте өкмөт башынын отчетун талкуулоо жол-жоболору улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий