• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев: "Коопсуз шаарды" ишке ашырууда чечүүчү кадамдарды жасоо керек

Өкмөт 0

Бишкек, 25.01.19. /Кабар/. "2019-жылы "Коопсуз шаарды" ишке ашырууда чечүүчү кадамдарды жасоо керек", - деп билдирди өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөт үйүндөгү отурумда.

"2018-жылы Түндүк системасы ишке киргизилди, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрдүк, Айтматовдун 90 жылдыгын белгиледик жана башка маанилүү окуялар болду. 2019-жылы биз чечүүчү кадамдарды жасашыбыз керек, мисалы, "Коопсуз шаар" долбоору канча жыл жүзөгө ашпай келет, учурда ал ишке кирди. Жолдордо 1 миңден ашык киши көз жумуп жатат. Биздин максат жолдо каза болгондордун санын азайтуу", - деди өкмөт башчы.

Ошондой эле ал белгилегендей, аймактарды өнүктүрүү артыкчылыктуу багыттардын бири бойдон калат. 2018-жылы инфраструктуралык объекттер колдонууга берилип, бул багыттагы иштер улантылууда.

Анын айтымында, көптөр эмнеге 2019-жыл кайрадан Аймактарды өнүктүрүү жылы деп аталганын сурашат.

"Аймактарды 1 жыл ичинде өнүктүрүүгө болбойт. Эгер программанын үстүндө иш алып барбаса алар унутулат. Буга байланыштуу өкмөт да долбоорлор боюнча иштейт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий