• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев: 2020-жылдагы башкы максатыбыз – өлкө экономикасын санариптештирүү

Өкмөт 0

Бишкек, 13.01.20. /Кабар/. Биздин 2020-жылдагы башкы максатыбыз – өлкө экономикасын санариптештирүү. Бул тууралуу салык жана бажы процедураларын санариптештирүү боюнча координациялык кеңештин отурумунда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылы салык жана бажы процедураларын фискалдаштыруу боюнча көп маселелер каралып, анын ичинде мыйзам кабыл алынган.

Ал белгилегендей, ишкерлер салыктарды электрондук түрдө жүргүзө баштады. 2020-жылга карата экономиканы санариптештирүү маселеси турат.

"Бул деген мыйзамдын негизинде бизнес жүргүзүү, ал үчүн баардык шарттарды түзүү дегенди билдирет. Башкача айтканда, башкы максат – бизнесмендер үчүн жөнөкөй процедураларды түзүү", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий