• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев: 2020-жылы билим берүү тармагына 38 млрд сом бөлүндү

Өкмөт 0

Бишкек, 14.02.20. /Кабар/. Учурдагы экономикалык реформалар биздин балдардын жаркын келечеги үчүн жасалууда. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусундагы Өзгөн районунун Бостон айылындагы орто мектептин ачылышында билдирди.

«Биздин бардык саясатыбыз билим берүүнүн деңгээлин жана сапатын көтөрүүгө багытталган, анткени келечек билимдүү адамдын колунда. Билимдүү адам дайыма талап кылынат. Акыркы эки жылда 200дөн ашык мектеп жана 30га жакын бала бакча курулду. Мунун баары финансылык саясатты туура жүргүзгөндүн натыйжасы. Мына ошондой мектептердин бирин бүгүн ачып жатабыз. Мен окуучулардын гана эмес, алардын ата-энелеринин дагы бактылуу жүзүн көрүп кубанып турам. Бул мектептен акылдуу жана татыктуу жарандар тарбияланып чыгарына ишенем», - деди ал.

Өкмөт башчы 2020-жылы билим берүү тармагына 38 млрд сом бөлүнгөнүн белгиледи.

«Биздин балдардын билим деңгээли мугалимдерге көз каранды экенин билебиз. Ошондуктан 2019-жылдын 1-октябрынан тарта мугалимдердин эмгек акысын 30%га жогорулатуу чечими кабыл алынган. Аларды шыктандыруу үчүн биз кимдин окуучусу республикалык жана эл аралык олимпиадаларда байгелүү орун алса сыйлык берүүнү сунуштап жатабыз. КР өкмөтүнүн «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» программасынын алкагында үй алууга мүмкүнчүлүктүн түзүлүшү маанилүү турмуштук стимул болду. Эң алгачкылардан болуп мугалимдер «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК аркылуу турак жай алды. Мындан тышкары эми мугалимдердин өздөрүнүн Ысык-Көлдүн жээгинде пансионаты бар. Бул социалдык маселелердин баары мугалимдер балдарга билим берүүдө санаркабай, тынч иштөөсү үчүн чечилүүдө», - деп белгиледи ал.

Аны менен катар Абылгазиев өсүп келе жаткан муунду тарбиялоодо жана билим берүүдө ата-энелердин ролунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Азыр ар бирибиз балдарыбызга татыктуу билим бергибиз келет. Эгерде силер балдарыңарга туура багыт көрсөтсөңүздөр, анда ал жакшы билим алууга жана келечекте өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошууга далалат кылат», - деди ал.

Маалымдама: Ош облусундагы Өзгөн районунун Бостон айылындагы орто мектеп 275 окуучуга ылайыкталган. Анын курулушу 2014-жылы башталган. Курулуштун жалпы сметалык наркы 88,5 млн сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий