• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев: 2020-жылы ишибиз аткезчилик менен күрөшүүгө багытталат

Өкмөт 0

Бишкек, 29.11.19. /Кабар/. 2020-жылы мамлекеттик бюджетти толтуруу жана көмүскө экономика менен күрөшүү багытында өзгөчө жыл болот. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, 2020-жылга сунушталып жаткан бюджет дээрлик 40 млрд сомго көп жана 173 млрд сомду түзөт.

«Биз буга баарыбыз чогуу келдик. Бул өлкө Президентинин жүргүзгөн туруктуу саясатынын жемиши. Биз каражатты элдин кызыкчылыгы үчүн үнөмдүү колдонушубуз керек. Бүгүн жакшы сунуштар айтылып, ошол эле учурда сындар дагы болду. Биз мунун баарына сөзсүз түрдө көңүл бурабыз» - деди Премьер-министр.

Булардын айрымдарына Мухаммедкалый Абылгазиев жооп берди.

«Көптөр капиталдын агып чыгышына жана инвестициялардын көлөмүнүн төмөндөшүнө тынчсызданып жатышат. Бирок мен кыйын шарттар болсо да, биз тартылган инвестициялардын көлөмүн сезилерлик көбөйтүүгө жетишип жатканыбызды белгилеп кетким келет. Быйылкы жылы болуп өткөн саясий окуялар сиздерге белгилүү. Бизнестин кызыкчылыгын коргоо оңой болбогондугун билесиздер. Үстүбүздөгү жылы биз көргөн чаралардын натыйжасында алгачкы жолу экспорттун көлөмү көбөйүп, импорт, тескерисинче, азайды. 2019-жылы рекорддук сандагы - 100дөн ашуун мектеп курулду. 708 км жол салынды, анын 431 чакырымы асфальттуу. Биринчи жолу бир учурда 120 миң мугалимдин айлык акысы жогорулатылды. Мунун баары биз тандаган саясат өз жемишин берип жатканын жана анын тууралыгын айтып турат, - деди Мухаммедкалый Абылгазиев. – 2020-жылы Өкмөттүн өнүктүрүү боюнча пландары көп. Биринчи кезекте – бул биздин экономиканын өнүгүүсү жана аткезчилик жана көмүскө экономика менен күрөшүү. Биз бул иш-аракеттер аркылуу жарандардын ишенимин актоого тийишпиз. Биргелешкен күч-аракетибиз аркылуу биз Кыргызстан жакынкы келечекте гүлдөп-өнүккөн өлкөлөрдүн бири болушуна умтулабыз деп ишенем».

Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин депутаттарына Өкмөттүн бардык демилгелерин колдоолору үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөнү өнүктүрүү кызыкчылыктарында мындан ары карай жемиштүү кызматташууга ишеним көрсөттү.

Пикир

Оставить комментарий