• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев: Абактагы шарттар азыркы талаптарга жооп бербейт

Өкмөт 0

Бишкек, 06.09.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухеммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалыматтык технологиялар жана байланыш башкы башкармалыгынын, Мониторинг жана талдоолор борборунун ачылыш аземине катышты.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун «2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын, Өкмөттүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасын, ошондой эле ар кыл багыттагы ишмердүүлүк программаларын ишке ашыруу максатында Жазаларды аткаруу кызматында Маалыматтык технологиялар жана байланыш башкы башкармалыгы түзүлдү.

Өкмөт башчы бул борбор менен таанышуу маалында укук коргоо органдарында, анын ичинде жазык-аткаруу тутумунда оң мүнөздөгү өзгөрүүлөр байкалып жатканын белгиледи.

«Соттук-укуктук реформанын алкагында жазаларды аткаруу тутумунда реформа жүргүзүлүүдө. Бул – кызматкерлер соттолуучунун абалын байкап, барынан биринчи соттолгон жарандын өзүн коргой турган санариптешүүнүн алкагындагы элементтердин бири экенин көрүп турабыз», – деп Мухаммедкалый Абылгазиев, каржылык, материалдык жана кеңеш берип, колдогон эл аралык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди.

Премьер-министр учурда Бишкек шаарында мындан 50 жыл мурда курулган №1 убактылуу кармоочу жайды көчүрүү боюнча долбоор иштелип жатканын белгиледи.

«Ошол учурда Бишкек анча чоң эмес болчу. Азыр колония 2 гектар жерди ээлеп, шаардын борборунда турат. Албетте, абактагы шарттар азыркы талаптарга жооп бербейт. Буга байланыштуу көп нааразычылыктар айтылып келет. Бул долбоорду иштеп чыгуу үчүн керектүү каражат бөлүнгөн. Менин оюм боюнча, бул өтө жакшы чечим. Мындан тышкары 9 гектар жерди ээлеген №47 колония бар. Келечекте мына ошону дагы көчүрүп, ордуна башка объект куруу пландалды»,- деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ал Өкмөт жазаларды аткаруу тутумундагы кызматкерлердин социалдык маселелерин этабы менен чечилээрин өзгөчө белгиледи.

Маалымдама: Башкармалык берилген ыйгарым укуктарынын алкагында зымдуу жана радио байланыш аркылуу мекемелерди үзгүлтүксүз жана туруктуу башкаруу максатында билдирүүлөрдү так жана тынымсыз жөнөтүп турат, объекттерди техникалык коргоо каражаттары менен ишенимдүү коргойт, видеобайкоо тутуму аркылуу көзөмөл жүргүзөт, локалдык, түйүндүк жана интернет чубалгыларын ишке жарактуу абалда сактоо, программалык продуктуларды киргизүү, ыкчам талдоо жүргүзүү менен маалыматтык базанын, сервердик жана компьютердик жабдуулардын ишин камсыздайт.

Мониторинг жана талдоолор борбору бөлүштүрүлгөн коопсуздук тутумун көзөмөлдөө мүмкүндүктөрүн бириктирип, потенциалдуу кооптуу кырдаалдарга автоматтык түрдө көз салып, Кыргыз Республикасынын кылмыш жана жаза аткаруу тутумунун мекемелеринин аймагында аларга жооп кайтарат, ошондой эле ар кыл байланыш каналдарын (компьютердик түйүндөр, була-оптикалык чубалгылар) колдонуу менен бирдиктүү түзүмдү түзүүнү ишке ашырат. Болуп жаткан окуялар реалдуу мезгил режиминде видеотерезелерде жана окуялар журналында чагылдырылат. Ошондой эле андан аркы сактоо үчүн видеомаалыматтар санариптик сактоочу жабдыктарга (диск, флеш-карта ж.б.) жаздырылат.

Ошондой эле Мониторинг жана талдоолор борборунда программалык камсыздоо аркылуу маалыматка ыкчам талдоо жүргүзүлөт жана жазаларды аткаруу кызматынын ыкчам жана башка кызматтарына укук бузуулардын алдын алуу, жоюу жана аныктоодо аракеттешет.

Кызматтын борбордук аппаратында «Бирдиктүү терезе» режиминде Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борбору түзүлгөн. Бул тутумду киргизүү арыз калтырууга кеткен убакытты үнөмдөп, маалыматтарды киргизүү жана төлөм жүргүзүү механизмдерин жөнөкөйлөштүрөт. Жарандарды тейлөөнүн «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча жаңы түрү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү тутумун оптималдаштыруу, жарандарга жеткиликтүү кылуу, кызмат көрсөтүү мөөнөтүн, процедуралардын санын кыскартуу, ошондой эле көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын арттыруу максатында ишке берилип жатат.

Мониторинг жана талдоолор борборунун жана жазаларды аткаруу кызматынын Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборунун толук кандуу ишин камсыздоо үчүн эл аралык донорлор тарабынан 4 080 490 сом суммасында жардам көрсөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий