• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев: Адамдар балдарына сапаттуу билим берүүгө жана саламаттыгын чыңдоого умтулат

Өкмөт 0

Бишкек, 20.12.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Базар-Коргон жана Ноокен райондорундагы спорт комплекстеринин ачылыш салтанатына катышты.

Өкмөт башчы район элин заманбап спорттук шаймандар менен жабдылган жаңы социалдык объектинин ачылышы менен куттуктады.

«Республика боюнча мектеп, оорукана, спорт залдар жана башка социалдык маанидеги объектилер рекорддук санда курулуп, жаңы өндүрүш ишканалары киргизилүүдө. Бул туура жүргүзүлгөн экономикалык саясаттын жемишин көрө баштаганыбызды айтып турат. Капитал аймактарга кете баштады. Аймактар үчүн эң актуалдуу делген маселелер негизинен мамлекеттик башкаруудагы жана саясаттагы катачылыктан улам келип чыкчу. Учурда кырдаал акырындык менен өзгөрүүдө. Адамдар балдарына билим берүүгө умтулууда, анткени алар сапаттуу билим берүү – бул кең келечектин кепилдиги экендигин түшүнүүдө. Барган сайын адамдар ден соолугун бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурушууда. Дал ушул нерсе: дени сак улут жана өсүп келе жаткан муунга сапаттуу билим берүү - биздин ишибиздин артыкчылыгы болуп саналат. Биз аймактардын көйгөйлөрүн жакшы билебиз, аларды чече баштадык. Эң башкы багыттар – бул региондорду таза суу, үзгүлтүксүз электр энергиясы, сугат суусу менен камсыз кылуу жана инфраструктураларды жөндөө. Мындан тышкары биз дыйкандарыбызды колдоого алып, аларды сапаттуу үрөн жана жеткиликтүү насыя менен камсыздап, ирригациялык түйүндөрдү жана лизингдик программаларды өнүктүрүүгө тийишпиз. Бул багыттардын бардыгы боюнча активдүү иштер аткарылып, зарыл ресурстар топтоштурулган», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ал өзгөчө белгилегендей, коюлган максаттарга жетүүнүн эң башкы көрсөткүчү жаштардын туулган айылдарына жана шаарларына кайтып келүүсү болот.

Өкмөт башчы Айсулуу Тыныбекова жана Дарья Маслованы мисалы келтирип, ата мекендик спортчулардын ар түрдүү биринчиликтердеги ийгиликтерин белгилеп өттү.

Мухаммедкалый Абылгазиев ачылып жаткан спорттук комплекстер ар кыл мелдештерде өлкө атагын чыгарууну уланткан күчтүү спортчуларды тарбиялап жатканына ишеним билдирди.

Пикир

Оставить комментарий