• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Абылгазиев: Адамдын улуулугу анын жөнөкөйлүгүндө

Өкмөт 0

Бишкек, 22.11.19. /Кабар/. Адамдын улуулугу анын жөнөкөйлүгүндө. Бул сөздөр Турдакун Усубалиевди мүнөздөп турат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарада билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, Турдакун Усубалиев сыяктуу эмгек сиңирген ар бир адамдын салымы өз баасын алат.

«Советтер Союзуна кирген 15 республиканын ар бири үчүн, анын ичинде биздин республика үчүн СССРдин тарыхы татаал, ошол учурда кызыктуу болду. Союздук деңгээлдеги партиялык жана мамлекеттик ишмерлер Никита Хрущев, Леонид Брежнев, Константин Черненко, Юрий Андропов, Михаил Горбачев менен тыгыз иштешкен Турдакун Усубалиев биздин республиканы жетектеп турду. Бул ири өзгөрүүлөр жана сыноо мезгили болду. Бирок совет элинин ынтымагы, эмгекчилдиги жана жоопкерчилигинин күчтүүлүгү ошол кездеги жетекчилердин улуу державаны – СССРди түзүүсүнө жардам берди. Мына ошондой союздук республикалардын бирин Турдакун Усубалиев жетектеген», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр союздук республикалардын ортосунда бюджеттик каражатарды бөлүштүрүү сындуу советтик саясий системанын күчтүүлүгүн белгиледи.

«Турдакун Усубалиев уюштуруучулук жөндөмү жана жеке сапаттары менен Кыргыз ССРинин позициясын бекемдей алган. Ал кезде саясаттын өзүнүн өзгөчөлүгү бар болчу: партиялык номенклатуранын ичиндеги тирешүүлөр, саясий оюндар, пландуу экономиканын кыйынчылыктары. Ошонун баары союздук республикаларга түздөн-түз таасирин тийгизип турган. Мурда булар айтылчу эмес. Ошондой заманда жетекчи болуш кандай кыйын эле! Бул Турдакун Усубалиевдин колунан келди. Муну тарых, мезгил өзү тастыктады. Ошол учурда республикага мал чарбасы менен союзга чийки затты камсыздоо ролу бөлүнгөн. Бирок Турдакун Усубалиев токтоп калган – «застой» мезгилин туура пайдаланган. Ал өлкөнү – агрардык-индустриалдык өлкөгө айландырган. Ал жетекчилик кылган жылдары өнөр жай, машина куруу, турак жай курулуш, гидроэнергетика активдүү өнүккөн», - деди ал.

Өкмөт башчы өзгөчө белгилегендей, учурда өлкө ар кандай саясий күчтөр кырдаалды туруксуздаштырууга умтулган татаал мезгилди башынан кечирип жатат.

«Бирок мен биз бул кыйынчылыктардан жеңебиз деп ишенем. Турдакун Усубалиевдин идеологиясы эмнелерден турган? Элдин ынтымагында. Ал элдин кызыкчылыгын баарынан жогору коюп, республиканын бардык жашоочуларын бириктире алган. Черчиллдин сөзү менен айтканда: «Саясатчы – шайлоодон шайлоого чейинки аралыкты ойлойт, ал эми мамлекеттик ишмер –жалпы элдин келечегин ойлойт». Турдакун Усубалиев ар дайым элдин келечегин ойлогон. Биз дагы ушундай принциптерди карманабыз», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий