• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев Афганистандын Аткаруу бийлигинин башчысы менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 12.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Афганистан Ислам Республикасынын Аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Мухаммедкалый Абылгазиев афган коллегасы менен саламдашууда үстүбүздөгү жылдын октябрында парламенттик шайлоону жана келээрки жылы президенттик шайлоону өткөрүүгө ийгилик, ошондой эле өлкөгө жана афган элине гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

«Биз эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну активдештирүүнү колдойбуз, себеби мындай потенциал бар. Кыргыз Республикасы кыргыз-афган өкмөттөр аралык комиссиясын түзүү чечимин жактырды жана жакын арада аталган комиссиянын жыйынын өткөрүү максатында аны түзүү келишимине кол коюуга даяр», – деди Премьер-министр.

Афганистан Ислам Республикасынын Аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла ар кыл тармактагы кыргыз-афган кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн бардык деңгээлдеги эки тараптуу байланыштарды активдештирүүгө даярдыгын билдирди.

«Мен алдыда өтчү кеңешме алкагындагы жолугушуубузга кубанычтамын, ал актуалдуу эл аралык жана аймактык, ошондой эле эки тараптуу маселелерди талкуулоого мүмкүндүк берет. Биз өлкөлөр ортосундагы мамилелердин ырааттуу өнүгүүсү үчүн чыгуудабыз», – деди ал.

Тараптар ошондой эле, Чоң жана Кичи Памирде жашап жаткан этностук кыргыздардын социалдык-экономикалык абалын талкуулашты.

Жолугушуу Дүйшөмбү шаарында (Тажикстан Республикасы) 12-октябрда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын алкагында өттү.

Пикир

Оставить комментарий