• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев агрардык тармакты өнүктүрүү боюнча тармактык министрликтин ишин сындады

Өкмөт 0

Бишкек, 27.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин өлкөнүн агрардык тармагын өнүктүрүү боюнча ишин сынга алды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев күзгү талаа иштеринин жүрүшү боюнча маалымдады.

«Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноонун алдын ала жыйынтыгы көрсөткөндөй, алардын көпчүлүгүнүн кыйла жогорку түшүмдүүлүгү жетишилди. Белгиленген көрсөткүчтөр аба ырайынын кыйла ыңгайлуу шарттарына байланыштуу болуп саналат, бул кургакчылыкка жол бербөөнү шарттады жана айрым өсүмдүктөрдү өз убагында жана толук кандуу өстүрүүгө таасирин тийгизди», – деди ал.

Ал ошондой эле атамекендик дыйкандарга даректүү мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары, анын ичинде жеңилдетилген насыяларды берүү жөнүндө айтып берди.

Сунушталган маалыматты угуп, Өкмөт башчы тармактык министрликтин айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча ишинин жетишсиздигин белгиледи.

Премьер-министр баса көрсөткөндөй, атамекендик экологиялык таза продукциянын көлөмүн өндүрүү маанилүү.

«Биз бүгүнкү күнү ички рыноктун керектөөлөрүн толук кандуу камсыздай албай жатабыз, чет өлкөлөргө продукцияларды экспорттоо тууралуу айтпай эле коёлу. Жеңилдетилген насыялар берилип, гранттар багытталууда, бюджеттик каражаттар бөлүнүүдө, бирок силер айыл чарбасын натыйжалуу өнүктүрүүнүн комплекстүү механизмдерин эмдигиче таба албай жатасыңар», - деп ырастады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы өзгөчө белгилегендей, айыл чарбасын өнүктүрүүсүз өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү мүмкүн эмес.

Мухаммедкалый Абылгазиев айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрине тармактагы натыйжалар үчүн анын жеке жоопкерчилигин дагы бир ирет эскертти жана республиканын агрардык тармагын өнүктүрүү боюнча иштерди активдештирүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий