• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев Минсктеги «Агрокомбинат «Дзержинский» агрардык өнөр жай холдингине барды

Өкмөт 0

Бишкек, 27.11.18. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Беларусь Республикасына иш сапарынын алкагында «Агрокомбинат «Дзержинский» ААК агрардык өнөр жай холдингине барды.

Өкмөт башчы Дзержинск районунун эң ири ишканасынын өндүрүштүк аянтын көрүп чыкты – бул 18 миң га айыл чарба жерлери, анын ичинде 13,6 миң га айдоо жери.

Интеграцияланган агрардык өнөр жай ири холдинги болгон «Дзержинский» агрардык комбинатынын негизги ишмердиги канаттуулардын этин өндүрүү, аны кайра иштетүү жана сатуу болуп саналат.

«Дзержинский» агрардык комбинаты «Пятигорье» айыл чарба кооперативинин, «Хотово» Балык чарбасы» ААК, «Фанипольагротранс» ААК айыл чарба ишканаларынын «Дзержинск бройлердик канаттуулар фабрикасы» ААКга кошулуусунун натыйжасында түзүлгөн.

Холдингдин ишмердиги: куш чарбасы, ири мүйүздүү малды өстүрүү, багбанчылык, көлмө балыктарын өстүрүү, кошмо тоют, премикс жана белоктук-витаминдик кошумчаларды чыгаруу болуп саналат. Холдингдин 30дан ашуун фирмалык дүкөндөрү жана соода түйүндөрү (Минск, Дзержинск, Фанипол жана Солигорскдо) бар.

Агрардык комбинат Беларусь Республикасында чыгарылган канаттуулар этинин продукцияларынын 20% өндүрөт. Инкубаторлордун өндүрүштүк кубаттуулугу - жылына 56 миллион жумуртка. Сүт берүүчү малдын башы – 5000 башка жакын. Эгиндин жана жүгөрүнүн дүң жыйымы (кампалык салмакта) – 49 миң тонна түшүмдүүлүктө 68,1ц/га. Ишкананын автотрактордук паркында 350 даана заманбап техника бар.

Пикир

Оставить комментарий