• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Абылгазиев: Аял – өмүрдүн, сүйүүнүн алып жүрүүчүсү, бекем жана бактылуу үй-бүлөнүн өзөгү

Өкмөт 0

Бишкек. 15.05.19 /Кабар/. «Аял – эң ириде өмүрдүн, сүйүүнүн жана боорукерликтин алып жүрүүчүсү, бекем жана бактылуу үй-бүлөнүн өзөгү», - деп билдирди Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-өлкөлөрүнүн Экинчи Аялдар форумунун жүрүшүндө премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күнү адамзаттын алдында экология, жакырлык, демография, жумушсуздук, миграция жана качкындар маселеси сыяктуу жаңы чакырыктар келип чыкты. Ошондой эле анын айтымында, глобалдаштыруу процесси улуттук өзүнчө бир маданиятты, каада-салттарды жана дүйнө элинин тилдерин сактоо үчүн олуттуу коркунуч жаратууда.

«Дүйнөлүк өнүгүүнүн бардык терс факторлору кырдаалга салмактуу баа берүүнү жана маселелерди чечүү үчүн ШКУ өңдүү эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында күчтөрдү консолидациялоону талап кылат. Буга байланыштуу көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү чечүүдөгү аялдардын тарыхый жана социалдык ролун белгилеп кетким келет», - деди Абылгазиев.

Буга байланыштуу премьер-министр баса белгилегендей, ШКУ коопсуздук, экономика, маданий жана гуманитардык байланыштар чөйрөсүндө жемиштүү кызматташтыктын мисалы болуп саналат.

«Индия жана Пакистандын ШКУга кириши менен бул уюмдун географиясы Евразиянын үчтөн бирин түзөт, анын аймагында дүйнө жүзүнүн калкынын 43% же 3 миллиарддан ашуун адам жашайт. ШКУ мамлекеттеринин ИДПсы дүйнөлүк деңгээлдин 20% түзөт же 15 триллион доллар. Ал эми өлкөлөрдүн экономикасы орточо 5%га өсүүдө», - деп белгиледи ал.

Премьер-министр кошумчалагандай, Кыргызстан быйылкы жылдагы ШКУдагы төрагалыгы алкагында жана уюм түзүлгөн учурдан тартып анын келечектүү калыптануусуна татыктуу салым кошуп келет.

Өкмөт башчы ШКУ мүчө-өлкөлөрүнүн орун алуусуна жеке салымын кошкон көрүнүктүү аялдарга токтолду. Ал ошондой эле Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаеванын заманбап кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөдөгү ролун белгилеп өттү.

«Кыргызстандын аялдары коомубузда бардык мезгилдерде өзгөчө макамга ээ болуп келишкен жана бүгүнкү күнү жаңы турмушту курууга көмөктөшүп жатышат. Буга Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин гендердик теңдик жана адам укуктары боюнча негизги эл аралык милдеттерди өзүнө алганы өбөлгө болду», - деп баса көрсөттү премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, учурда өлкөдө гендердик саясаттын ар түрдүү багыттары боюнча көптөгөн аялдар жана гендердик уюмдар иштейт.

«Мындан тышкары Кыргызстанда 2020-жылга чейин Гендердик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук стратегия кабыл алынган жана ишке ашырылып жатат. 2018-жылдын ноябрында Кыргыз өкмөтүнүн чечими менен 2018-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүү боюнча аракеттердин улуттук планы бекитилген. Кыргызстандын экономикалык активдүү калкынын 68%ын аялдар түзө тургандыгын эске алуу менен, аялдардын лидерлигин колдоо өлкө Өкмөтүнүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат», - деди ал.

Иш-чарага Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева, ШКУ баш катчысынын орун басары Айзада Субакожоева, Казакстандын Премьер-министринин орун басары Гульшара Абдыкаликова, Өзбекстандын Премьер-министринин орун басары Танзила Нарбаева, Бүткүл Кытай Аялдар федерациясынын төрайымынын орун басары Ся Цзе, Россия Аялдар биримдигинин төрайымынын орун басары Надежда Ремнева, ошондой эле ШКУ мүчө-өлкөлөрүнүн коомдук жана мамлекеттик ишмер аялдары жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышышты.

Пикир

Оставить комментарий