• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев: Аймактар – Кыргызстандын өнүгүүсүнүн негизи, учуру жана келечеги

Өкмөт 0

Бишкек, 28.02.19. /Салтанат Абдраева – Кабар/. “Аймактар – Кыргызстандын өнүгүүсүнүн негизи, учуру жана келечеги”, - деди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог” конференциясынын экинчи күнүнүн жүрүшүндө.

Өкмөт башчы билдиргендей, бул маселе боюнча Өкмөттүн позициясы бекем: аймактардан жалаң гана социалдык көйгөйлөрдү көрбөстөн, тескерисинче аймактар – өлкөнү өнүктүрүүнүн абдан кубаттуу экономикалык потенциалы болууга тийиш.

“Кыргызстандын аймактарынын ар биринин өзүнүн спецификасы бар. Анткени элдин бакубатчылыгы – жерди, жайлоолорду эффективдүү пайдалануудан, же мал-жандын көбөйүшүнөн гана көз каранды эмес, элдин жакшы жашоосу – райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын, шаар мэрлеринин, айыл аймактарынын башчыларынын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын жоопкерчилигинен жана кесипкөйлүгүнөн да көп нерселер көз каранды”, - деди Абылгазиев.

“Биз бүгүнкү диалог чоң жыйынтык берет деп ишенебиз. Айылдын көйгөйүн көрбөй туруп тура чечимдер кабыл алынбайт. Биз келечекте күчтүү, экономикасы бийик аймактарды курушубуз керек”, - дейт ал.

Өкмөт башчы белгилегендей, 27 жылдын ичинде өзүн-өзү багып, рыноктук механизмдерди өзү өздөштүрүп, жан багып келе жаткан элге рахмат айтуу керек.

Пикир

Оставить комментарий