• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев аймактардагы ирригацигациялык тутумдарды өнүктүрүү ишин жетишсиз деп атады

Өкмөт 0

Бишкек, 23.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 23-июнда, өлкө аймактарындагы ирригацигациялык тутумдарды өнүктүрүү жана ветеринардык лабораторияларды реконструкциялоо маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы белгилегендей, атамекендик айыл чарба тармагында көптөгөн жылдар бою тийиштүү көңүл бурулбай келген бир катар көйгөйлөр бар.

«Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков республикада айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн зарыл болгон милдеттерди белгиледи. Агрардык тармак өлкө ИДПсындагы маанилүү үлүштү ээлей турганын эске алуу менен аны келечекте өнүктүрүү чаралары өкмөттүн «Биримдик, ишеним, жаратмандык» программасында өзүнчө блок катары берилген. Өкмөт тарабынан бүгүнкү күндө ирригацигациялык тутумдарды өнүктүрүү, айыл чарба продукциясын экспорттоо көлөмүн жогорулатуу жана өсүмдүктөрдүн оорусунун алдын алуу боюнча чаралар көрүлүүдө», - деп баса көрсөттү Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы фермерлерди тийиштүү суу көлөмү менен камсыздабай туруп, агрардык секторду өнүктүрүүгө жетишүү мүмкүн эместигин дагы бир ирет баса белгиледи.

«Суу – бул аймактардагы негизги көйгөйлөрдүн бири, анда ичүүчү жана сугат суулардын жетишсиздиги байкалууда. Кээде сугат суунун жетишсиздигинен улам фермерлер тийиштүү өсүмдүктөрдү өстүрө албай жаткан учурлар кездешет. Аталган маселени чечпестен, биз айыл чарбасын комплекстүү өнүктүрүү тууралуу кеп кыла албайбыз», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, Кыргызстандын суу запастары мол, тилекке каршы, колдогу ресурсту натыйжалуу пайдалануу боюнча алгылыктуу механизмдер жок.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин директорунун орун басары Эсен Жусуматов Кыргыз Республикасынын 2017-2026-жылдарга Мамлекеттик ирригацияны өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу айтып берди.

Ал маалымдагандай, аталган программага ылайык, республика боюнча он жыл аралыгында 46 суу долбоорун ишке ашыруу каралууда, натыйжада, 66,5 миң га жаңы сугат жерлерин ишке киргизүүгө, 51 миң га жерди суу менен камсыздалышын жогорулатууга жана 50 миң га жердин мелиоративдик абалын жакшыртууга мүмкүндүк пайда болот.

Эсен Жусуматов капиталдык реконструкциядан өткөрүлгөн жана жакынкы арада реконструкциялануучу суу чарба объектилери жөнүндө маалымат берди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө аймактарындагы ирригацигациялык тутумдарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик органдардын ишин жетишсиз деп атады. Ал артыкчылыктуу тартипте реконструкцияланышы тийиш болгон суу чарба объектилеринин абалы боюнча кеңири картаны тез арада түзүп чыгуу зарылдыгын дагы бир ирет белгиледи.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы сугат сууну жана каналдарды натыйжалуу пайдалануу боюнча бирдиктүү саясатты иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле кеңешменин жүрүшүндө ветеринардык лабораторияларды модернизациялоо маселеси каралды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумакановдун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө оптимизациялоонун натыйжасында 28 ветеринардык лабораториядан капиталдык реконструкция жүргүзүлгөн 19 лаборатория калды. Бишкек жана Ош шаарларындагы улуттук макамы бар лабораториялар толугу менен жабдылган, калган 17 лабораторияны толугу менен жабдуу маселеси турат.

Премьер-министр белгилегендей, биринчи кезекте облустук масштабдагы ветеринардык лабораторияларды заманбап жабдуулар менен камсыздоо зарыл.

Өкмөт башчы бул максатта тийиштүү каражатты бөлүп, үстүбүздөгү жылдын соңуна дейре облустук масштабдагы лабораторияларды жабдуу ишин жыйынтыктоону тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий