• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев: Аймактарды дотациядан чыгаруу саясаты бардык жерде жүзөгө ашырылат

Өкмөт 0

Бишкек, 07.02.20. /Кабар/. Аймактарды дотациядан чыгаруу саясаты бардык жерде жүзөгө ашырылат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев КР өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2019-жылдагы иштеринин жыйынтыгы жана 2020-жылдагы милдеттери боюнча өткөн кеңейтилген коллегияда билдирди.

«Нарын облусунун социалдык-экономикалык жактан өнүгүшү начар. Ооба, акыркы учурда аймакта көптөгөн социалдык маанидеги долбоорлор ишке ашырылды. Бирок аталган долбоорлор – жалпы республиканын жана бизге жардам берген өнөктөштөрдүн аракетинин натыйжасы. Ар бир аймак үчүн актуалдуу маселелердин тизмеси жана биринчи кезектеги милдеттер белгилүү. Эл жашоосун жакшырта турган иш жүзүндөгү чечкиндүү кадамдарды күтүп жатат. Биз маселелерди чечүү үчүн күчүбүздү бириктирүүбүз керек», - деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы айыл чарбасындагы маселелерди чечүүнүн зарылдыгын белгиледи.

«Бул жерде жүн, тери жана этти кайра иштетүү тууралуу сөз болууда. Заманбап технология боюнча иштеген асыл тукум мал чарбаларынын өнүгүшү үчүн шарттарды түзүү керек, сапаттуу тоют базасын түзүү боюнча иштерди жүргүзүү зарыл. Бул маселелерди чечүү менен биз жумушчу орундарды түзө алабыз, жарандардын жашоосун жакшыртуу жана аймактардын экономикалык жактан өнүгүүсүнө өбөлгө түзөбүз. Элдин иштеп, акча табуусуна мүмкүнчүлүк болуш керек. Бирок бул үчүн силер эч нерсе кылбай жатасыңар, эч кандай демилгелерди көтөбөйсүңөр», - деди ал.

Премьер-министр дотациялык аймактардын санын кыскартуу саясатынын маанисин баса белгилеп, ышкоолугу жана демилгелерди көтөрбөгөнү үчүн жерликтүү органдардын ишин сынга алды.

«Көбүнесе жетекчилердин жер-жерлердеги иштердин абалы тууралуу так статистикалык маалыматтары жок. «Санарип аймак» программасын ишке киргизүү иштерин болушунча тез аяктоо зарыл. Ал жергиликтүү бийлик органдарынын ишин автоматташтырып, жарандардын мамлекеттик кызматтарды алуусун жеңилдетет. Бүгүн биз тутумдуу иштин жоктугун көрүп турабыз. Ар ким өз иши менен алек, таасын жыйынтыктар жок. Силер ар бир жолу адамдардын жашоосуна таасирин тийгизбеген өсүү сандары тууралуу маалымат бересиңер», - деди Абылгазиев. - Мисалы бириңерде дагы айыл чарба насыяларын пайдалануу боюнча маалымат жок. Көп учурда алар максатсыз пайдаланылып жатат. Эми биз жеңилдетилген кредиттерди иштетүү боюнча деталдуу талдоо жүргүзөбүз. Алардын жалпы суммасын биз жыл сайын көбөйтүп жатабыз, бирок айыл чарба секторун өнүктүрө албай жатабыз».

Муну менен бирге ал Нарын облусу туризмди өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү бар өзгөчө аймак экендигин эске салды.

«Иште кемчиликтер көп. Эмгектенип, жыйынтык көрсөтүш керек. Быйыл өлкөнүн ички дүң продукциясы 590 млрд сомго жетти. Жыл сайын республикалык бюджет көбөйүп жатат. Буга байланыштуу биз 11 категориядагы мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатууга жетиштик. Товар жүгүртүү боюнча маанилүү өсүш бар. Алгачкы жолу Кытай Эл Республикасы менен биздин айыл чарба продукцияларын экспорттоо тууралуу макулдашылды. Ирригация системасын өнүктүрүү, калкты ичүүчү таза жана сугат суулары менен камсыз кылуу бул тармакты өнүктүрүүгө шарт түзөт», - деди ал.

Өкмөт башчы коллегиянын катышуучуларына инвесторлор менен тыгыз иштешүү зарыл экенин айтып өттү.

«Биз өлкөгө инвестицияларды тартууга кызыкканбыз. Бирок кээде айрым жактар аймактын өнүктүрүүгө жолтоо болуп, тоскоролдук жаратышууда. Мисалы, кытай инвестору Ат-Башы районундагы логистикалык борбордун курулушуна 280 млн АКШ долларын бөлүүгө даяр. Бул логистикалык борбор - көптөр ойлогондой жөн гана ири базар эмес. Анын аймагында өндүрүштөр түзүлүп, 15 миң адам туруктуу иш таба алат. Ишкананын ийгиликтүү иши жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүп, ишкердик активдүүлүктү арттырат. Мен, Премьер-министр катары биздин өлкөгө келип, ата мекендик экономиканы өстүрүүгө шарт түзгөн бардык инвестицияларды колдойм. Эгерде инвестор бардык мыйзамдарды сактаса, анда анын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо керек. Өлкөдө тартип болушу абзел. Бул жумуш орундарын түзүү башкы максат болгон Нарын облусунун жашоочуларынын талабы», - деп ал.

Пикир

Оставить комментарий