• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев: Аймактарды ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн экономика маселелерин чечүү зарыл

Өкмөт 0

Бишкек, 25.07.19. /Кабар/. Аймактарды ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн биринчи кезекте экономика маселелерин чечүү зарыл. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында маалымдады.

«Миграция процессин токтотуп, жакырлыкты кыскартып, билим берүү, саламаттык сактоо, айыл чарбасы тармактарында абалды жакшыртып жана социалдык маселелерди чечмейинче чейин биз аймактарды өнүктүрүү саясатын кармануубуз керек. Биз коомду бириктирип, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыгын аткарууга жетишүүбүз керек. Бүгүнкү күнү жакшы натыйжалар бар – жаңы жумуш орундары түзүлүп, социалдык маселелер чечилүүдө. Ошону менен бирге убакыт активдешүүнү талап кылат. Калк өзгөрүүлөргө даяр, ал эми аймактардын жетекчилери даяр эмес», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Экономика министри Санжар Мукамбетов билдиргендей, аймактарды өнүктүрүү боюнча милдеттер толук кандуу аткарылып жатат.

«2019-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча экономиканын ар кыл секторлорунда оңдуу темптер байкалууда. Жалал-Абад жана Ысык-Көл облусунда айыл чарбасы көрсөткүчтөрү жакшы, Талас жана Баткен облустарынын көрсөткүчтөрү эң төмөн. Талас жана Ысык-Көл облустарында, Бишкек шаарында курулуш динамикалуу өнүгүүдө», – деп билдирди ал.

Өкмөт башчы эске салгандай, 20 шаар өсүү түйүнү катары аныкталган.

«Ар бир шаардын атаандаштык артыкчылыктарын эске алуу менен экономикалык өсүшкө жетишүү керек. Аймактарда инфратүзүмдөрдү жакшыртуу боюнча милдеттерди токтоосуз аткаруу зарыл. Калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо маселесин чечүү керек. 2017-жылдан бери таза суу боюнча бир катар иштер жасалып жатат. Бул максаттарда укапиталдык салымдар беренеси боюнча жыл сайын 200 млн сом каралат. Мындан тышкары калкты ичүүчү суу менен камсыздоо маселесин чечүү үчүн донордук уюмдардын дагы каражаттары жумшалууда. 2023-жылга карата республиканын бардык калктуу пункттары ичүүчү суу менен толук камсыздалат», – деди Премьер-министр.

Премьер-министр ирригацияны өнүктүрүү үчүн бөлүнгөн каражаттар тууралуу да айтып өттү.

«Быйыл республикалык бюджеттен ирригацияны өнүктүрүүгө 350 млн сом бөлүнгөн. Келишимдердин алкагында донорлор аркылуу дагы 134 млн АКШ доллары ирригациялык түйүндөрдү өнүктүрүүгө жана жерлерди суу менен камсыз кылууну жогорулатууга багытталат», – деп билдирди ал.

Премьер-министр райондук жана облустук жетекчилерден өз аймагын өнүктүрүүгө активдүү катышууну талап кылды.

«Дээрлик бардык райондордо Аймактарды өнүктүрүү фонддору ачылган. Бирок көпчүлүгүңөр жеке ишкерлерди туулуп өскөн жерине инвстиция салууга тарта албай жатасыңар. Кимдир бирөө жардам бергиче күтүп отурбай, өзүңөр жол тапкыла. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда өнүктүрүү фондуна 2018-жылы түшкөн 88 млн сомго 5 бала бакча, 6 спорт зал курулуп, 4 км жол асфальттанган. Бул жер-жерлердеги жакшы иштердин мисалы катары», – деп баса белгиледи Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий