• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Абылгазиев аймактарды өнүктүү боюнча конференцияда өз алдынча башкаруу системасындагы көйгөйлөргө токтолду

Өкмөт 0

Бишкек, 28.02.19. /Салтанат Абдраева – Кабар/. КРнын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев “Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог” конференциясынын экинчи күнүнүн жүрүшүндө катышуучулардын көңүлүн өз алдынча башкаруу системасындагы көйгөйлөргө бурду.

Анын айтуусунда, өкмөт тараптан жүргүзүлгөн анализдерге ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө жетишкендиктер менен бирге системалуу көйгөйлөр да бар. Алардын баары ыраттуу түрдө чечүүнү талап кылууда.

“Жергиликтүү бийлик органдарына элдин ишеними төмөн, ошол жердин көйгөйлөрүн чечүүдө райондук органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо начар; акимиаттар өздөрү эч нерсе жасабай, өкмөттү күтүп отура беришет, айыл аймактарда жоопкерчилик начар, кээ бир жерлерде такыр эле жок. Көп жергиликтүү кеңештердин иши эффективдүү эмес. Ушулардын айынан учурда 374 айыл аймагы (83,5%) мамлекеттик дотацияда отурат. Көп айыл өкмөттөрдүн дотацияны кыскартуу боюнча так пландары жок, жергиликтүү бюджетти толтуруу жана кошумча булактарды табуу боюнча иштер жүргүзүлбөйт”, - дейт премьер.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, жергиликтүү жетекчилер түздөн-түз өзүнүн милдеттерин толук аткарбай, кайдыгерлик менен мамиле кылып, жергиликтүү потенциалды пайдалана албай жаткандыгын көрсөтүп турат.

“Мындай болбойт. Кээ бир айыл өкмөттөр айылында суу жолду каптап жатса, ошол маселени чечпей, журналисттер тартып жатса, жанынан карап турушат. Анан ошону өмөткө чечкиле деп жиберишет. Бул кандай? Бир нече жергиликтүү жашоочуларды чогултуп, ошол арыкты чаап, жээгин бекемдеп коюу кыйынбы? Эмнеге мындай мамиле жасалат? Мен айылда эмне маселелер бар экенин билем. Иштей албагандар иштен кетишсин”, - деди Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий