• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев: Аймактарды өнүктүрүүдө калктын экономикалык активдүүлүгүнө басым жасалат

Өкмөт 0

Бишкек, 28.11.19. /Кабар/. Аймактарды өнүктүрүү маселесинде калктын экономикалык активдүүлүгүнө басым жасалат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында билдирди.

Өкмөт башчы инвестиция тартуу, жаңы өндүрүш ишканаларын ачуу, жумуш орундарын түзүү, соцуиалдык маселелерди чечүү, ирригация, тоо кен тармагын өнүктүрүү, экономиканы көмүскөдөн чыгаруу жана калкты ичүүчу таза суу менен камсыз кылууга маани берилип жатканын белгиледи.

«Өкмөт аймактарды өнүктүрүү үчүн ички өндүрүшкө түрткү берет. Бул максатты ишке ашырууга 2020-жылы 4,8 млрд сом каралууда. Бул жакка «Centerra Gold» компаниясынын каражатына түзүлгөн эки фонддун финансылык каражаттары жумшалат. Мындан тышкары буга чейин донорлор тарабынан берилген 2 млрд сом стартаптарды жүзөгө ашырууга, аялдар ишкерлигин колдоого жана өлкөнүн алыскы аймактарындагы долбоорлорду колдоого жумшалат. Жалпысынан аймактарды өнүктүрүү үчүн былтыркы 2 млрд сомдун ордуна 6,8 млрд сомго каржылоо иштери жүрөт», - деди Премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев 2020-жылдан тартып – долбоорлорго каражаттар ачык-айкын жана кайтарымдуулугу эске алынып берилет.

«Бул үчүн так механизмдер иштелип чыккан. «Айыл чарбасын каржылоо», «Экспортту колдоо программасы» сыяктуу мамлекеттик программалар өз ишин мындан ары карай дагы улантат. Муну менен бирге калктын жеңилдетилген ипотекалык насыяларды алуу шарттарын жакшыртуу боюнча иштер улантылмакчы. Бүгүн алар боюнча пайыздык коюмдар жылдык 6-8% чейин төмөндөгөн. Ошол эле учурда донорлорду тартуу боюнча иштер жүрүүдө. 10,5 млн евро өлчөмүндө жеңилдетилген ипотекага каражаттарды алуу боюнча жаңы система иштелип чыкты. Жалпысынан 2020-жылы республикалык бюджет мурдагыдай эле социалдык багытталган бойдон калууда, анткен менен калктын социалдык аярлуу катмарларына даректүү колдоо көрсөтүү күчөтүлөт», - деди ал.

Премьер-министр белгилегендей, кен иштетүү тармагында иштер аткарылууда. Анын алкагында кенде алтындын көлөмүн так аныктоо үчүн эл аралык стандарттагы мамлекеттик лабортарияны ачуу, ал эми келерки жылы өлкөдөн кенди жана концентратты чыгарууга акы киргизүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий